Бул окуя Тажикстанда болду. 18 жаштагы кыз үйлөнүү тойдон кийин өзүнө кол салды.
Кыздын мындай кадамга барышына күйөөсүнүн жазыксыз жалаасы негиз болгон. Тойдон кийин күйөөсү кыз эмессиң жана буга чейин жыныстык катнашта болгонсуң деп айыптаган.
Бирок Раджабби Хургед өзүнүн таза экенин айтып актанган. Өз айтканынан кайтпаган күйөөсү Зафар Пиров кызды үйүнө камап, чыгып кетет.
Ошол учурда жаш кыз мындай кордукка чыдай албасын, минтип жашагысы келбей турганын айтып, видео тартып, өзүнө кол салган. Уксус ичкен кыздын өмүрүн дарыгерлер сактап кала алышкан жок.
Жаш кыздын туугандарынын айтымында, Раджабби тойго чейин толук медициналык текшерүүдөн өткөн. Анын дени сак жана эч кандай генетикалык оору жок экендиги тууралуу маалыматкаты да болгон.
Раджаббинин өлүмүнөн кийин күйөөсү Зафар Пиров атайын текшертүү үчүн Душанбе шаарына алып барган. Дарыгерлердин атайын экспертизасы кыздын никеге чейин таза болгонун аныктаган.
Тажикстандын салты боюнча таза эмес кыз турмушка чыга албайт жана ата-энесин уятка калтырганы үчүн өмүр бою үй камагында болот.