Улуу Британиялык пенсионер коркунучтуу кино көрүп олтуруп каза болду. Окуя Таиланддагы кинотеатрлардын биринде болгон.
77 жаштагы турист “Аннабеллдин каргышы 3” фильмин көрүп жатып көз жумду. Фильм бүтнөндөн кийин залда жарык күйгөндө, креслодо катар олтурган көрөрман пенсионердин каза болгонун байкаган. Ал ызы-чуу салып, качып чыгып, кинотеатр кызматкерин чакырат.
“Келгендердин баары коркуп кетишти. Алар коркунучтуу тасманы адамдын өлүү денеси менен чогуу көрүп олтурушкан. Соода борборунун жумушчулары абдан тынчсызданган абалда жүрүштү. Алар театрдагы абалды билдирбей, окуяны видео-сүрөткө тартып албоону көзөлмөлдөдү”, - деп Таиланд жашоочусу Монтира Пхенгра.
Туристтин денесин кошумча эшик аркылуу чыгарып, тез жардам унаасына салып беришти. Өлүк аймактык ооруканага жиберилген. Дарыгерлер туристтин эмне себептен көз жумганын аныктап жатышат.