Окуянын кээ бир күбөлөрү кызды куткаруунун ордуна видеого тартып турушкан.
Украинанын Бабурка айылына жакын жерде 2-июлда үрөй учурган окуя болду. 28 жаштагы жигит 22 жаштагы сүйүктүүсүнө бензин чачып, элдин көзүнчө өрттөп жиберген. Окуянын күбөлөрү кызга жардам берүүгө аракет кылса, кээ бири аны видеого тартуу менен алек болушкан. Кыздын денесинин 90 пайызы күйүп, ооруканага жеткирилди. Азыр дарыгерлер анын өмүрү үчүн күрөшүп жатышат.
Кыздын айтымында, жигити таанышкандан кийин дароо кыз-жигит болууну сунуштаган, ал эми бир-эки ай өткөндө ата-энесине барып, үйлөнүүгө уруксат сураган.
Бирок, кызганычтын айынан эки жаштын ортосунда жаңжал пайда болот. Кыздын курбулары айткандай, жигити кызды катуу кызганып, ар бир баскан кадамын көзмөлдөп турган.
Эркек сотто ыйлап, кечирим сурап, күнөөсүн мойнуна албай, “сабак болсун дегем” деп актанган. “Эч кимди өрттөгүм келген жок. Коркутуп, ортодогу мамилебизди бекмдегим келди. Жанымда турган эле. Тамеки тутантмак болгом. Экөөбүз тең күйө баштадык. Кийимимди чечип, аны өчүрүүгө аракет кылдым”, - деди жигит.
Эми “Адам өмүрүнө кол салуу” беренесине ылайык кылмыш иши козголду.