Талакты жокко чыгарууга жол берилеби?

5 июля 2019 Талакты жокко чыгарууга жол берилеби?

Бул көрүнүшкө кайдыгер карабаган Египет президенти Абдель-Фатахтын «талак берүү» практикасын жоюп салуу тууралуу сунушу дин кызматкерлери тарабынан колдоо тапкан жок. 

Associated Press маалымдагандай, Аль-Азхара университетинин Дин таануучулар кеңеши президенттин демилгесине терс жооп кайтарган.

«Талак Мухаммед Пайгамбарыбыз жашаган кылымдардан баштап берилип келет жана бул укук талашсыз болуп эсептелет», - деп кеңеш өз токтомун чыгарган.

Изилдөөчүлөрдүн айтымында, ажырашуу кудайга жагымсыз иш катары каралганы менен, Египетте мындай көрүнүштүн өсүүсү байкалууда. Кызыгы – ажырашуулардын көбү баш кошкондон кийинки беш жыл аралыгында катталат.

Ислам дини жубайлар чогуу жашай албай калган учурда күйөөсүнүн талак берип ажыраашуусуна уруксат берет. Сауд Арабиясы жана Малайзия сыяктуу ислам өлкөлөрүндө болсо электрондук почта аркылуу ажырашуу мыйзам түрүндө кабыл алынган.