80 жаштагы дарыгер ондогон аялдын боюна бүтүргөн

5 июля 2019 80 жаштагы дарыгер ондогон аялдын боюна бүтүргөн

Балдардын бири ата-тегин билмек болгондо дарыгердин иши ачыкка чыккан.

Канаданын Оттава шаарында репродуктолог дарыгер Бернард Норман Барвин ондогон жылдар бою төрөбөгөн аялдарды жасалма уруктандырган учурда башка эле адамдардын бел суусун колдонгон. Алардын арасында өзү да бар эле.

25-июнда медицина стандартын көзмөлдөөчү жана лицензия берүүчү Онтарио колледжи Барвинди 10 миң Канада долларын (532 022 сом) төлөөгө милдеттендирди. Ошондой эле, медицина жаатында иштөөгө тыюу салып, лицензиясынан ажыратты. 80 жаштагы дарыгер бул чечимге каршылык көрсөтүп, арыз жазган жок.

2013-жылы дарыгер үч аялды жасалма уруктандырганда башка эркектин бел суусун колдонгону үчүн жумуштан четтетилген эле. Анда Барвин бул аракетин “алмаштырып алыпмын”деп түшүндүргөн эле.

Анын дарыгерлик кызматында мындай учур болжол менен 50-100 жолу кайталанган. 11 жолкусунда Барвин келиндерге айтпай өзүнүн биологиялык материалын колдонгон. ЭКО аркылуу дүйнөгө келген балдардын бири өзүнүн ата-тегин билгиси келгенде гана дарыгердин жасаган иши ашкере болду. ЭКО аркылуу дүйнөгө келгендердин бири – 29 жаштагы Ребекка Диксон үч жыл мурун өз атасы Барвин экенин билген.