Ушул үч жерге заара кылгандар каргышка кабылат

4 июля 2019 Ушул үч жерге заара кылгандар каргышка кабылат

Шарият боюнча даараткана тартибин сактап жүрөсүзбү?

Дүйнө жүзү боюнча элдер 19-ноябрда даараткана күнүн белгилешет. Анын ичинде маанилүүсү – даараткана тартибин сактоо. Ал эми ал адепти сактоодо шариятта өз эрежелери бар.

Бул эреже боюнча дааратканага киргенде жана чыкканда эмнени унутуп калып жатабыз? Аны төмөндөн окуп биле аласыз.

- Адам элдин көзүнөн далдоо жерде заара кылыш керек. Бул үчүн азыр дааратканалар бар.

- Тамактан кийин ажаканага кирбей туруп, кол жууган зарыл. Бул аркылуу сырттан колубузга жуккан ар кандай микробдордун башка жерлерге таралышынын алдын алабыз.

- Дааратканага киргенде баш кийим жана бутка атайын бут кийим кийип кирүү керек. Бул айрыкча дааратканасы үйдүн ичинде жайгашкан адамдарга тиешелүү.

- Дааратканага Алланын жана Пайгамбардын (с.а.в.) ысымдарын же Куран аяттарын ала кирүүгө болбойт.

- Дааратканага сол бут менен кирүү туура. Абу Хурайрадан жеткен баянда: “Кимде-ким дааратканага сол буту эмес, оң буту менен кирсе, жакырчылыкка туш болот”, - деп айтылган.

- Зарыл болбосо, дааратканада сүйлөбөш керек.

- Заара кылган кезде денеге, кийимге анын чачырабашына көңүл буруңуз.

- Жуунучу жерлерге заара кылбаш керек.