Эркек киши жумушка юбка кийип келди

3 июля 2019 Эркек киши жумушка юбка кийип келди

Эркек киши социалдык тармактагы баракчасына тааныштарынан юбка берип туруусун суранган.

Голландияда эркек киши күн ысыкта жумушка юбка кийип барган. Ага компаниядагы дресс-код эрежелери боюнча эркектерге кеңсеге чолок шым кийип келүүгө салынган тыюу себеп болгон.

Хилверсюм шаарынын 21 жаштагы жашоочусу Пим Стинберген кадрлар бөлүмүнө барып, эмне үчүн жумушка чолок шым кийип келе албай турганын себебин билгиси келген. Бөлүмдөгүлөр өз кезегинде чолок шым кийген кызматкерлер жетиштүү түрдө олуттуу көрүнбөйт экенин айтышкан. Бирок, сүйлөшүүнүн жүрүшүндө компанияда юбка кийүүгө уруксат бар экени аныкталган. Ошентип, Стинберген ушул мүмкүнчүлүктү пайдаланып калгысы келген.

Ошондо ал соцтармактагы баракчасында тааныштарынан юбка берип туруусун өтүнгөн. Ал сунушталган юбкалардын бирин тандап, аны кеңсеге кийип барган. “Албетте, баары күлдү. Бирок, кесиптештерим мага эмес, менин абалдан чыгуунун башкача жолун тапканыма күлүштү”, - дейт Стинберген.