Өгөй кыздарынын тырмагынын астына ийне сайган аялга сот өкүмү чыкты

3 июля 2019 Өгөй кыздарынын тырмагынын астына ийне сайган аялга сот өкүмү чыкты

Өгөй кыздарын кыйнап келген казакстандык келинге сот чечим чыгарды.

Үч кызды эки жылга жакын убакыт бою кыйнап келген Жылдыз Көбеева 4 жылга эркинен ажыратылды. Күйөөсүнүн биринчи никесинен төрөлгөн балдарын аябай кыйнаган аял күнөөлү деп табылган. Балдардын тырмагынын астына ийне сайып, муздаткычка камап, ысык сууга олтургузуп,  каалаганын жасаган.

28 жаштагы келин жакында эле экинчи жолу балалуу болгон. Абактан чыкканга чейин 2 жашар уулу күйөөсүнүн камкордугунда болот. Ал эми жаңы төрөлгөн наристенин тагдырын чечүү компетенттүү органдарынын колунда.