Эң кооптуу 10 азык. Жеген кезде абайлаңыз!

5 ноября 2018

Эң коптуу азыктар тууралуу сөз кылабыз. Бул азыктарды эң жакшысы рациондон алып салыңыз. Эгер ал мүмкүн болбосо, чектөө киргениңиз туураболот. Аталган азыктардын бири да табигый, пайдалуу эмес. Ал эми кээ биринин чын эле зыян жагы бар.

Ун

Балким, сиз үчүн эч кандай коркунучсуз көрүнүшү мүмкүн. Бирок, ун углеводго бай. Эгер көп пайдалана турган болсоңуз,углеводдор боордун татаалдашына алып келет. Ошондой эле, организмдеги инсулиндин деңгээлине таасир этет.

Шекер

Жогоруда айтылган ун сыяктуу шекердин да боорго зыяны бар. Мындан тышкары, кант диабети менен салмак кошуу ыктымалдыгын жогорулатат, нерв системасына таасир этет. Бирок, шекердин да ар кандай түрү бар. Чыныгы табигый шекердин курамында мөмө жемиш же бал болот. Анын зыяны жок, тескерисинче пайдасы бар.

Сүт

Сүттү зыяндуу азыктардын катарына кошконубузга таң калсаңыз керек. Анткени, баарында сүт – ден соолукка пайдалуу азык деген түшүнүк калыптанган. Бирок, диетологтор эчак аныктап коюшкан. Сүттүн негизги компонентин лактоза түзөт. Сүт ашказан жарасын пайда кылат. Дененин сезгенүү процессине өбөлгө болот жана биздин организмибизде  кычкыл чөйрөсү түзүлөт. Дүкөндүн сүт турган текчелериненпестицидтерден баштап антибиотиктерге чейин табууга болот. Эгер ден соолугуңузга жакшы көңүл бөлгөн адам болсоңуз уй сүтүнүн ордуна кокос же бадам сүтүн ичиңиз. Ал алда канча пайдалуу.

Таттуу токочтор

Токочтун курамында жогоруда айтылган зыяндуу заттар ун, шекер, сүт баары бар. Зыяндуу өндүрүмдөрдүн бүтүн жыйнагы ден соолукка пайдалуу эмес экени анык. Албетте, сиз кант диабети ыктымалдыгын арттырып, же жүрөк талмасына кабылгыңыз келбесе, токочту азайтканыңыз туура болот.

Фаст-фуд

Тез даярдалган азыктар – фри, шаурма, гамбургерлер жана куурулган башка да азыктар ден соолукка абдан зыяндуу. Анткени, мунун баары бир нече жолу колдонулган майда куурулат. Убакыт өтүр олтуруп фаст фуд ашказандын тамак сиңирүү процессин бузат.

Газдалган суусундуктар

Газдалган суусундуктардын пайдасы аз экенинен башка, организмдеги азыктандыруучу заттардын кээ бирине зыяндуу таасирин тийгизет. Клиникалык изилдөөлөрдүн жыйынтыгы көрсөткөндөй, жумасына эки бөтөлкө газдалган суусундук ичсеңиз, ичеги-карындын залалдуу шишигине алып келиши мүмкүн. Америкалык доктор Джозеф Мерколанын айтымында, бир бөтөлкө газдалган суусундуктун курамында болжол менен он кашык шекер жана 30-55 мг сульфит менен кофеин бар. Газдалган суусундуктар тамак сиңирүү процессинен башка, организмдеги баалуу минералдарды тазалайт. Ал тургай, сөөктөрдөгү кальцийдин азаюусуна таасир этет. Ал эми шекер – маңзаттын жыйымы десе болот. Ошондуктан, газдалган суусундуктар организмдеги канттын көбөйүшүнө алып келет. Башка пайдасы жок.

Консервадагы эттер менен жарым фабрикаттар

Адатта жарым фабрикаттар натрий менен нитраттарга бай болот. Бул химикаттар сизге анчалык деле пайдалуу эмес. АКШнын залалдуу шишик ооруларын изилдөө институтунун окумуштуулары консерваланган эт жана жарым фабрикаттар көтөн чучуктун рагынын өрчүү ыктымалдыгын арттырат деп табышты.

Кытырак картошка (чипстер)

Картошка жогорку температурада болгон учурда акриламид деп аталган затты пайда кылат. Ал канцероген болушу мүмкүн, депМассачусетс университетинин изилдөөчүсү менен мугалими Дейл Хаттис ишенимдүү айтат. Майлар менен кычкылдардын кошулмасы бар. Мындан тышкары, анын курамында жогорку коюлтулган боёктор менен мурчтар да көп өлчөмдө кездешет. Аны даярдоо учурунда адам организминде ракка алып келген көптөгөн канцерогендер пайда болот. Ал эми, майлар болсо кан курамындагы холестириндин деңгээлин жогорулатат, жүрөк талмасы менен инсульт сыяктуу оорулардын коркунучун көбөйтөт.

Идиштеги даяр сорпо

Кээ бир адамдар даяр шорпо тез даярдалган шорпого караганда ден соолукка пайдалуу деп ойлошот. Бирок, консервацияланган шорпонун курамында натрий менен туздун өлчөмү көп болот. Нормадан ашып түшөт.

Эгер организмде натрий көбөйсө, ал сууну сактай баштайт. Бул кан басымын жогорулатат. Анан жүрөк оорусуна алып келиши мүмкүн.

Маргарин

Маргариндин курамында транс-майлар көп. Мындан тышкары, ал организмдеги холестериндин деңгээлин көбөйтөт. Бул биздин кан айлануу системабызга терс таасир этет.

Эгер ден соолугуңузду сактап, көп жашагыңыз келсе,туура тамактанып үйрөнүңүз. Өзүңүздүн тамак-аш менюңуздан аталган азык түрлөрүн алып салууга аракет кылыңыз. Айрыкча, биз маргаринден баш тартууга кеңеш беребиз.