Толук аял 270 кило салмак таштады

2 июля 2019 Толук аял  270 кило салмак таштады

АКШнын Фейетвилл шаарынын жашоочусу болжол менен 5 эсеге арыктады. Анын салмагы 340 киллограмм болгон.

Милла Кларк бала чагынан семиздиктен жапа чеккен. Ал турмушка чыккан кезде салмагы 180 кило болгон. Ал эми биринчи баласын төрөгөндөн кийин салмагы 220 килого жеткен. Ошондо аялдан буту шиший баштап, абалы оорлогон. Анын бутундагы шишиктин салмагы 20 килодон ашып, басууга кыйынчылык жараткан. Натыйжада ал басып, кыймылдоодон калып, төшөккө байланат.

“Эки жылдан ашык убакыт бою төрт дубалда камалып олтурдум. Ошол убакыт ичинде бир да жолу төшөктөн турган жокмун. Бир гана тамактанып, уйку менен күн өткөрдүм”, - деди Кларк.

Анын балдары күн сайын эрте туруп, 340 килограммга чейин семирген энесин жуундуруп келишкен. Кыздары апасынын бутундагы шишикти көтөрүүгө алы жетпегендиктен, аны улуу баласына көтөрүп, жардам берчү.

Үч жыл мурда бариатриялык хирургия боюнча адис Юнан Новзарадан аялга жардам берүүгө келет.

Алгач аялга өз алдынча 45 кило салмактан арылууга туура келген. Андан кийин гана ага операция жасалып, дарыгерлер бутундагы шишикти алышты. Андан кийин Кларктын салмагы 300 кило болуп, ордунан тура ала турган абалга жеткен.

Кларк андан кийинки үч жылдын ичинде бариатриялык операция жасатып, ашыкча этин алдырткан. Дарылануу бүткөндөн кийин анын салмагы 70 килону түздү.