Дүйнөдөгү эң жаш энелер (сүрөт)

2 июля 2019 Дүйнөдөгү эң жаш энелер (сүрөт)

Бардык өнүккөн өлкөлөрдө өспүрүмдөрдүн кош бойлуулугун азайтууга багытталган программалар бар болсо да, жаш кыздарды дагы да чоң сүйүүдөгү “тыюу салынган түйүлдүк” азгырат. Биз ушундай көйгөйлөргө көбүнчө жогорку класстагы кыздар кабылат деп көнүп калганбыз, бирок дүйнөдөгү эң жаш энелер бул стреотипти толугу менен бузат.

Улуу Британиялык кыз (12 жаш)

Ата-энеси кызынын “кызыктай абалда” жүргөнүн кошуна бала менен сүйлөшүп баштагандан бир нече ай өткөндөн кийиин байкашкан. Кызыгы, үрөй учурарлык кабарга карабай, окуучулардын ата-энелери тарабынан колдоого алынган.

Украиналык Надя Гнатюк (11 жаш)

Надя Гнатюк өз атасы тарабынан зордукталган. Тилекке каршы, дүйнөнүн дээрлик жаш энелердин баарында оор, кээде кайгылуу тарыхы бар. Надя кызы Маринаны 11 жашында төрөгөн. Наристенин “атасы” Надянын өз атасы болуп чыккан. Иликтөөнүн жүрүшүндө “үй-бүлөнүн башчысы” Юрий Гнатюк үч жолу өз кызы менен жыныстык катнашка баргандыгы жана ал болгон окуя тууралуу айта турган болсо өлүм менен коркутканы аныкталган. Сот зордукчу-атаны 10 жылга эркинен ажыраткан.

Румыниялык 11 жаштагы цыган улутундагы Мария

Цыгандарда эрте нике кабыл алынган болсо да, бул окуя алардын “өздөрүнүн” үрөйүн учурган. Мария 12 жашында ага өмүр тартуулаган өз апасынын тагдырын кайталаган. Мариянын өзүнүн айтымында, ал өзүнүн эрте эне болгонуна кубанган эмес жана биринчи кезекте билим алууну үмүттөнгөн.

Индей уруусунун кызы (10 жаш)

10 жаштагы колумбиялык кыз төрөт учурунда аз эле жерден өлүмдөн калат. Көпчүлүк индей урууларынын азыркы күнгө чейин карманган салттарынын бири – балдардын эрте төрөлүүсү. Жаш кызды ооруканага алып барган кезде, ал көп кан жоготуп, абдан коркунучтуу абалда болгон. Баланын өмүрүн сактап калуу үчүн дарыгерлер кесарево жолун колдонгонго туура келген. Ошентсе да, дени сак бала төрөгөн кыз жабыркаган организми менен ооруканадан чыккан. Баланын атасы ким экендигин аныктоо мүмкүн болгон эмес.

Перулук Ильда Трухильо (9 жаш)

Перудагы бул жаш кыздын тагдыры абдан өкүнүчтүү болгон: ал 9 жашында бир тууган агасы тарабынан зордуктоого кабылган. Окуя болгон учурда кыздын агасы 22 жашта эле. Жыйынтыгында, кыз дени сак бала төрөп, окуп, балага кам көрүүнү үйрөнгөн.