Төшөк ырахаты: Аялда “күнөө” жок, баарына ЭРКЕК күнөөлүү

2 июля 2019 Төшөк ырахаты: Аялда “күнөө” жок, баарына ЭРКЕК күнөөлүү

Бир гана өзүнүн позициясын туура санап, “күндө бир тамакты жей берсең да тажайсың да” деп атайын өздөрүн актап алууга аракет кылган эркектерге “аялыңыздын “бир да күнөөсү жок”, баары өз колуңузда” дегибиз келет.

Анткени, аялдардын көзү менен карай турган болсок, эркектин аялына жетиштүү ырахат тартуулай албайт экенин байкоого болот. Таарынбаңыздар, баары бирдей эмес, сексопатолог-психолог адистердин жыйынтыгы боюнча, көп үй-бүлөлөрдө мындай учур кездешет.

Эркектердин төшөк катнашы учурунда көп кетирген каталарына токтоло кетсек. Аларга төмөнкүлөрдүн бири себеп боло алат.

  1. Аялды кылап-сыйпабай туруп, дароо ишке өтүү

Албетте, үйдө коноктор болуп, жалт эткенде бири-бириңиздерди көз менен аймалап, чыдап олтуруп, коноктор кетери менен эч кандай сылап-сыйпалоосуз, дароо “ишке киришкен” учурлар болот. Бирок, аялдар үчүн жыныстык катнашты баштардан алдын сылап-сыйпалоо да абдан маанилүү экенин эркектер унутуп калышат. Аялдардын түшүнүгүндө бул күйөөсү өзүн гана сүйөрүн, сыйлайт экенинин белгиси. Эгер жыныстык катнаштын убактысын созгуңуз келсе, ушул сылап-сыйпалоонун саатын узартуу керек: 15-20 мүнөт аймалашуу, 15-20 мүнөт жыныстык катнаштын өзү болсо, жалпысынан 30-40 мүнөттүк “майдан” даяр.

  1. Жыныстык катнаштан кийин, жуунбай дароо уйкуга кетүү

Бойдок кезинен сейрек жуунуну адат кылган эркек үйлөнгөндөн кийин да жуунуну такыр азайтышы мүмкүн. “Аял меники, эми эч кайда кетпейт да. Эринип жатам, жуунбаса эч нерсе болбойт, эртең менен жуунам да” деген шылтоолор көбөйө берет. Сиз өзүңүздү гана ойлобоңуз, эгер аялыңыз сиздин үстүңүздөн чыккан тердин дагы да башка жагымсыз жыттардан жиркенип калса, катнашка барууга каалоосу азайып кетет.

  1. Уктоочу бөлмөдөн төшөк оюну бүтөрү менен ордунан атып туруп кетүү

Жыныстык катнаш бүтөрү менен эркектин жуунуга же тамеки чегүүгө башка жакка кетип калганы аялдарга такыр жакпайт. Мындайда аял өзүн ишин бүтүргөн күйөөсүнө керексиз, колдонулган сыяктуу сезет. Ошондуктан, баары бүткөндөн кийин төшөктөн турууга шашылбаңыз. 15-20 мүнөттөй аялыңызды сүйүп, кучактап жата турсаңыз, аял өзүн дүйнөдөгү эң бактылуу адам сезет.

  1. ЭГОИСТИК

Эркектер өзү ырахат алса, канааттанса, аялга да жакты деп ойлойт. Жыныстык катнашта эгоизм деген такыр болбошу керек. Аялдын да көңүлүнө карап, маанайын көзөмөлдөө керек. Мүмкүн, аялда ал сезим (оргазмга жетүү) эми башталып келе жаткан чыгар. Өз ишиңизди тездетип бүтүрүп, токтото салуу да аялдын жүрөгүн жаралайт.

  1. Аялдын  көкүрөгүнө орунсуз жабыша берүү

Эмчегин мыжыга берүү да аялга жага бербейт. Эркектер аялдардын эң эрогендик жери – төшү деп ойлошот. Андай эмес, төшүнө кол жүгүрткөн сайын аялдын “жини кайнай баштайт”. Эрогендик аймактын орду ушул экен деп жөндү карай эмчекке кол жүгүртүү аялды дүүлүктүрбөйт, тескерисинче,  таарынып калуусуна жол ачып берет.

  1. Төшөктөгү “майдан” жүрүп жатканда сүйлөй берүү

Аялдарга жыныстык катнаш учурунда сүйлөшүү эмес, ырахат алган жагат. Алар “жактыбы?” деген суроого абдан көп жана мажбур менен жооп бергенди жек көрөт. Күйөөсү кандай позанын, эмне жагарын кулагына шыбырап гана сурап турса жетиштүү.