Жээнбеков: элден ынтымак кетсе, мекенибиз алсыраган күндөр өткөн

1 июля 2019 Жээнбеков: элден ынтымак кетсе, мекенибиз алсыраган күндөр өткөн

Президент Сооронбай Жээнбеков Атамбаевдин кол тийбестиги алынгандан бери эл алдында биринчи жолу 30-июнда, Суусамырда балбан Кожомкул Каба уулунун 130 жылдыгына арналган иш-чарада сөз сүйлөп, калкты ынтымакка чакырды.

- Элден ынтымак кетсе, коомдон ырыскы качып, адамдар азып-тозуп, мекенибиз алсыраган күндөр да өткөн. Ынтымагыбыздан, биримдигибизден өткөн байлык, өлкөбүздөн өткөн дөөлөт жок экенин эзелтен бери уланган тарыхыбыз өзү тастыктап турат. Бирге болсок, ата-бабалардын элесине татыктуу болгон улуу жеӊиштердин ээси болобуз. Карт тарыхыбызга, тереӊ маданиятыбызга, улуу ынтымагыбызга таянып, жашоосу татыктуу, билими тереӊ, дени сак коомду түзөбүз. Замандаштар жактырган, урпактар сыймыктанган, өнүккөн өлкөнү, күчтүү мамлекетти чогуу курабыз.

Бул Жээнбековдун Жогорку Кеңеш 27-июнда мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин кол тийбестик макамын алгандан бери эл алдына биринчи чыгып, сөз сүйлөшү.​

Атамбаевдин «экс-президент» макамын алып, кол тийбестиктен ажыратуу тууралуу парламенттин чечими укук коргоо органдарына аны кылмыш жообуна тартууга мүмкүнчүлүк берет.

Мурдагы президенттин тарапкерлери 22-июндан бери Кой-Таш айылындагы анын үйүнө «элдик штаб» ачып, чогулуп турушат.

Атамбаев жана анын тарапкерлери Бишкектеги «Медиа Форум» имаратынын алдында 3-июлда «Соке болбой калды» деген митинг өткөргөнү жатышат. Ага өзү катышарын Атамбаев 30-июнда Кой-Таштагы үйүнүн алдында топтолуп турган тарапкерлеринин алдына чыкканда билдирди. Ал тарапкерлери менен жолуккан маалда Жээнбековду жана бийликти сындаган бир топ билдирүүлөрдү жасады.

Президенттик аппарат жана Сооронбай Жээнбеков мурдагы президенттин айткандарына расмий жооп кайтара элек.