Төшөктө сүйлөй бергенче... сүйүп алыңыз!

1 июля 2019 Төшөктө сүйлөй бергенче... сүйүп алыңыз!

Темага кайра айланып келип олтурабыз. Себеби, көп учурда аял менен эркектин (жубайлардын) ортосундагы түшүнбөстүк, уруш-талаштын түйүнү төшөк катнашындагы каталыктардан башталат.

Төшөк болгон соң андан эркек да, аял да бирдей ырахат алышы керек. Ансыз болбойт. Өзүмчүлдүгүбүз артып, анын айынан каталыктарга орун берип алабыз да, аны жоюнун жолдорун ойлонбойбуз дагы.

“Эркек күнөөлүү болсочу?” деген ой келе калдыбы? Андай болсо, аял эмессизби?

Аял менен эркектин оротосундагы табигый байланыш түздөн-түз төшөктөгү манаанайга жараша болот. Ошондуктан, ага кайдыгер карай албайсыз. Албетте, сыртта урушуп, уктоочу бөлмөгө кирери менен өзгөрө калбайсыз да. Жубайлардын “оюну” уктоочу бөлмөгө киргенге чейин эле башка түрдүү жерде башталат. Кытыгылап өтүүгө, байкамаксан болуп жанашып өтүүгө, чай куюлган чыныны бергенде, же алганда билдирбей манжа учунан сылап коюуга жана кыялыңызга келген ар бир кылыкты ишке ашырууга болот. Ал көз кысуу менен кабак кагуу, көзүнө түз карап туруп, уурданып ала качуудан башка... Буларды ар бир аял билсе керек.

Бирок, мунун баардыгы тең үй-бүлөнүн башка мүчөлөрүнө байкатпай, алардын көңүлүн бурбай тургандай болсун. Ал ошонусу менен да табышмак болуп, сезимди кытыгылай түшөт. Тарбия менен сыйлоо чек арасынан ашып кетпөө керек.

“Махабат оюнунда” “ары жатчы”, “мындай жатчы”, “мындай жакпайт”, “түүү...” деген төшөк ээлеринин эч бирине жакпайт. Ошого байланыштуу 3 кеңешти кабыл алыңыз.

Уктоочу бөлмөдө эркекке тизгинди толугу менен тапшырыңыз. Табиятынан башчылык кылууну каалаган эркектер аны төшөктө да колдонгусу келет. Бул сөздү талашуунун кереги жок. Төшөктө аялдын көп эскертүүлөрү эркекке жакпайт. Башка жерде эле айтканыңызды аткара бериңиз, бир гана төшөктө эмес.

Буйрук берүүдө абайлаңыз, бир гана мактоосун окшоштуруңуз. “Сүйчү”, “андай эмес...”, “сенин ушундай кылганыңды жактырам” дегендин мааниси жогору.

Төшөктө сүйлөй бергенче... сүйүп алыңыз! Анын мойнуңуздан, тамагыңыздан өбүшүн каалайсызбы, демек аны сөз менен айтып жеткиргенче, өзүңүз жасап көрсөтүп бериңиз!

Кыска гана ушул кеңештер натыйжасын берет. Бирге уктоочу бөлмөдө көп сүйлөөнүн кажети жок.