Окумуштуулар ич кийимден баш тартууга кеңеш берет

1 июля 2019 Окумуштуулар ич кийимден баш тартууга кеңеш берет

Дүйнөнүн мыкты окумуштуулары чогулуп жүргүзгөн изилдөө иштеринин натыйжасында ич кийимсиз жүрүүнүн өзгөчө пайдасы аныкталды. Адистер жайында ич кийим кийип жүрүү адамдын ден соолугуна кооптуу экенин далилдешти деп segodnya.ua сайты кабарлайт.

Жай мезгилинде ич кийим менен жүрүүнүн кооптуу экенинин негизги себеби тердөө болуп саналат. Тердөөнүн таасиринен нымдашкан шымдын ичи бактериялардын сүйүктүү мекенине айланат.

Бактериялар

Гинекологдор дене кычышпашы үчүн аптаптуу ысыкта ич кийимсиз жүргөн туура деп эсептешет. Анткени, жыныс мүчөлөрү өзү нымдуу келгендиктен, 30 градустук ысыктын айынан адам ого бетер тердейт. Анын натыйжасында бактериялар көбөйүп кетет.

Шишүү

Ысык аба ырайында ич кийим терини кыйып салышы толук мүмкүн. Анын айынан жыныс мүчөнүн айланасы шишип кетет. Мындай көрүнүш кан айлануунун бузулуусуна алып келет.

Мисалы, “стринги” кийген учурда жыныс мүчөгө бактериялардын кирүүсүнө себеп болот. Адис Синди Баршоптун айтымында, тери сүрүлүүсүнүн таасиринен дене менен жыныс мүлөрдүн шишүүсү пайда болуп, узакка чейин айыкпайт.

Жыныстык катнаштын көптүгү

Адистердин айтымында, ич кийимсиз жүргөн адамдар күн бою жыныстык катнаш тууралуу ойлоону мыйзам ченемдүү деп эсептешет. Ал эми көп төшөктөш болгондордун ден соолугу жакшыра түшөрүн баары эле билишет.

Таанымал жылдыздардын арасында ич кийимден баш тарткандардын катарында Риз Уизеспурн, Шерон Стоун, Кейт Мосс, Светлана Лобода, Лолита Милявская бар.