Күйөөсү тамак даярдабаган аялынын колун кесип салды

5 ноября 2018

Кениялык 50 жаштагы аял күйөөсү менен урушуп кетип, натыйжада колунан айрылган.Себеби, ал күйөөсүнүн өтүнүчү боюнча түшкү тамак даярдаган эмес.

Күйөөсүнүн досу каза болуп, анын жаназасынан ачуулуу, ары ачка болуп үйүнө келет. Үйүнө келип, аялынын тамак жасабай отурганын көрүп аябай кыжырданат. Андан кийин жубайлар ортосунда уруш чыгып, натыйжада күйөөсү аялынын ичине жаракат келтирип, колун кылыч менен кесип салган, деп Mirror басылмасы кабарлайт.

Окуядан кийин зордук-зомбулуктун курмандыгы болгон аял дароо медициналык жардамга кайрылып, азыр Мигори ооруканасында дарыланып жатат. Жабыр тарткан аял полицияга күйөөсүнүн узак жылдар бою уруп келгенин, бирок акыркы урушта анын чектен ашканын айткан. Бирок, күйөөсүн дароо камакка алуу тууралуу талабын аткарууга полиция кызматкерлери шашылган эмес. Жергиликтүү ЖМКлардын билдиришинче, залим күйөөсү дагы деле эркиндикте жүрөт. Белгисиз себептер боюнча бийликтегилер аны камакка алышкан эмес.