Чынында жалкоо адамдар акылдуу болору далилденди

28 июня 2019 Чынында жалкоо адамдар акылдуу болору далилденди

Флорида университетиндеги америкалык окумуштуулар жалкоолук жогору интеллекттин белгиси экенин далилдеп чыгышты. Бул тууралуу Oxu.Az сайты кабарлайт.

Изилдөөчүлөр 60 адамга тажрыйба жүргүзүшкөн. Алар алтымыш адамды  эртеден кечке байкап, алардын бош убактысында эмне менен алектенерин аныктоону чечишкен.

Натыйжада физикалык жактан активдүү жүргөн адамдардын айтарлык акылы менен мактана албай турганы аныкталган. Изилдөөчүлөр акылын пайдага жумшай албагандардын “буту-колу тынымсыз болорун” айтышууда.

Ал эми тескерисинче, аз кыймылдаган адамдар жогору интеллектке ээ экенин билдирет. Эртеден кечке диванда олтургандар көп ойлонгонду жактырышат дейт окумуштуулар.