АКШнын окумуштуулары аялдарды зомбулуктан жана тоноодон коргоочу каражат ойлоп табышты.
Бул тууралуу Бирмингемдеги Алабама университетинин сайты кабарлады.
“911 номурун чакыруу аркылуу шашылыш билдирүүгө арналган каражатты же кошумчаны колдоно аласыз. Жардамга чакыруу үчүн аталган каражаттагы тетикти басуу керек. Адатта коркунучтуу учурга туш болгондо, мындай мүмкүнчүлүк боло бербейт”, - дейт изилдөө тобунун мүчөсү Рагиб Хасан.
Изилдөөчүлөр аталган маселени чечүү үчүн билерик ойлоп табышкан. Мындай билерик ээсине зомбулук же уурулук коркунучу жаралган кезде, каражат Bluetooth аркылуу смартфонго кошулуп, ыкчам кызматтарга билдирүү жолдойт.
Ошондой эле, билерик колдонуучунун турган жерин көрсөтүп, кыймыл-аракетин талдап, адамдын кандай абалда экенин, башкача айтканда туруп турганын же жатканын аныктай алат. Буга кошо аталган каражат катуу үн чыгаруу мүмкүндүгүнө ээ. Ошентип, колдонуучуга коркунуч жаралган кезде башка адамдардын көңүлүн бурат.
Изилдөөчүлөрдүн сөзүндө, мындай каражат майыптар менен улгайган адамдарга тез жардам керек болгон учурда керегине жарашы мүмкүн