Кантип агарууга болот? Күнгө күйгөн денени агартуунун мыкты жолу

27 июня 2019 Кантип агарууга болот? Күнгө күйгөн денени агартуунун мыкты жолу

Жайдын күнү көп адамдар карайып, күнгө күйгөндү жакшы көрүшөт. Ал эми кээ бир адамдар үчүн денесинин күнгө күйбөй, өз терисинин түсү сакталганы маанилүү. Бетти агарткан сыяктуу денени агарткан сонун рецепт бар. Өзүнүзгө кам көрүп, күйүүнүн алдын алсаңыз, дене териңүиз өзүңүз каалагандай болот.

1. Көчөгө чыгар алдында, күн ысык болсо, милдеттүү түрдө күндөн коргоочу крем сүйкөңүз. Бет менен катар колу-бутунузга, ал тургай денеге сүйкөөгө боло турган түрлөрү бар. Күндөн коргоочу крем бардык маселени чечет.

2. Ваннага түшкөн учурда атайын деңиз тузун колдонуңуз. Сууга деңиз суусун сээп, ванна кабыл алсаңыз, денени бир аз агартууга жардам берет.

3. Душ же ванна кабыл алар учурда денеге арналган скраб колдонуңуз. Дененин ашыкча, өлгөн териден арылтып, тегиз тазалап, дене терисинин жумшак болуусуна жардам берет.

4. Терини агартууга ак чопо жардам берет. Даярдап, денеге сүйкөп, 10-15 мүнөткө калтырыңыз. Жумасына 1-2 жолу колдонсоңуз болот.

5. Теринин сулуу, ары жумшак болушу үчүн атайын денеге кам көрүү каражаттарын колдонуңуз (гель, скраб, маска, крем ж. б). Күн сайын уктар алдында денеге арналган крем коюу да жакшы таасирин тийгизет.