Үйдө олтуруп баштоого боло турган 12 бизнес

5 ноября 2018

Биздин коомдо “бизнес баштоо абдан кыйын, кымбат, ары баарынын колунан келе бербейт. Ошондуктан, көп адамдар карьерасын баштоодо жүрөксүнүп,  социалдык, ары каржылык абалын жакшыртууга аракет  кылышпайт, конкреттүү чечим кабыл алууга ашыкпайт. Негизи бизнес дегенибиз, жөнөкөй сөз менен айтканда, эмгек, эмгек кылуу дегенди билдирет. Ал эми эмгектенем  деген адамга жумуш ар дайым табылат. Алдына конкреттүү максат коюп, толук долбоор түзүп, уюштура билген адам жада калса үйүндө олтуруп деле өз кесибин баштай алат. Ал бирөлөр үчүн кошумча кесип түрү болсо, бирөөлөргө негизги иш болушу мүмкүн. Ушуга байланыштуу сиздердин назарыңыздарга үйдө олтуруп баштоого боло турган 12 бизнестин түрүн сунуштайбыз.

1. Таттуу азыктарды бышыруу

Эгер сиздин кулинардык жөндөмдүүлүгүңүз менен таттуу азыктарды даярдоого болгон ынтааңыз болсо, үйүңүздү кичине кондитердик бизнеске айландырсаңыз болот.Кекс, пирог, маффини, торт, капкейк, муале, пиде ушунун баарын даярдай аласыз. Аны интернет аркылуу сатууга болот. Башында кичине ассортиментке токтолуп, ошол боюнча азыктын баасын белгилеңиз.Андан кийин бир аз тажрыйба жыйнаган соң, чоң тойго, туулган күнгө, балдар майрамына арналган тортторду даярдоого киришсеңиз болот. Үй азыктарын даярдоо учурунда абдан кылдат болуңуз. Аш бөлмөңүздө азыктарды даярдоо менен кооздоого керектүү бардык жабдуулар менен тамак-аш азыктардын болушу шарт.

2. YouTube аркылуу ийгиликке жетүү

2017-жылдын башында аталган сервисти колдонуучулардын саны миллиарддан ашты. Алардын ичинде көпчүлүгүнүн жеке каналы да бар. Бирөөлөр үчүн бул жөн гана хобби, ал эми бирөөлөргө чыныгы бизнес түрүнө айланып жатат.Сиз да YouTubeда өзүңүздүн жеке каналыңызды ачып, ар кандай жол менен жарнама жасоо аркылуу бизнес менен алектенсеңиз болот.Буга албетте бир аз эптүүлүк керек. Сиздин тарткан видеолоруңуз кызыктуу, көрүүчүлөрдүн көңүлүнө жагып, лайк менен пикир жыйнай ала тургандай болушу шарт.Эң негизгиси – бул жерде көрүүчү топтоо. Эгер миллиондогон көрүүчү топтой алсаңыз, анда жолуңуз болду деп эсептей бериңиз.Албетте сизге видеокамера, смартфон, монтаждоочу программа, компьютер, интернет, анан эң башкысы креативдүү идея керек.

3. Копирайтинг 

Башкача айтканда, текст жазуу. Аталган иш менен алектенүү үчүн өтө чоң тапшырма керек эмес. Жазуу үчүн тажрыйбалуу филолог болуунун да зарылчылыгы жок. Эгер сиздин иштөөгө болгон өзгөчө ынтаңыз бар болсо жана тилди жакшы деңгээлде билсесеңиз, ушул адистик боюнча жумуш таап кете аласыз.Баштапкы капитал керек эмес, ошентсе да өзүңүздө энтузиазмдын болушу чоң артыкчылык болот. Керектүү деңгээлде иштеп, жакшы пайда көрүп жатсаңыз, жеке бизнес катары каттоого да болот.

4. Маалыматтык сайт же блог ачуу

Бул жараян кыйла чоң эмгек менен жүзөгө ашат. Себеби, башка бир сайтта иштегенге караганда, өзүңдүн жеке сайтыңды ачуу, аны ары карай өнүктүрүү бир аз тер төгүүнү талап кылышы мүмкүн.Бул жагынан алып караганда сиздин ага ылайык билимиңизден башка, иштин жакшы жүрүшү үчүн контент-менеджер, програмисстер, дизайнерлер, seo-оптимизаторлор керек. Эгер бардыгын өзүңүз аткарам деп чечсеңиз, баштай турган баштапкы капиталдын көлөмү көп болбойт. Ал эми кесипкөй адистердин жардамы, кеңеши менен иштей турган болсоңуз, керектүү каражаттын көлөмү да көп болушу шарт. Ошентсе да, эсиңизде болсун, сайт аркылуу түшкөн пайда дароо көп боло калбайт.Ошондуктан, алдын ала керектүү сумманы жыйнап, кийин сайт ачуу керек. Бардык киреше менен чыгаша көлөмүн кылдат эсептей алсаңыз, ары сайтыңыздын сапаттуу болуусуна команда менен кызыктар болсоңуз, келечекте натыйжалуу бизнес түрүнө айланарына ишенип коюңуз.

5. Контент-менеджер, модератор

Интернеттеги таанымал топтордон жана башка да түрдүү форумдардан бул жумуш түрүн табууга болот. Баштапкы капитал зарыл болбогону менен, бул орунга сизди ылайыктуу портфолиосуз албашы да толук мүмкүн.Модератор, адатта, тартип сактоо максаты менен уруш-талаштын алдын алуу, билдирүүлөрдү оңдоо, спамдарды жою сыяктуу иштер менен алектенет. Буга кошумча окурмандардын суроолоруна жооп берет. Бул иш менен алектенүүгө анык бир лицензия же уруксат кагазы кажет эмес.

6. Интернет-дүкөн ачуу

Бул бизнес түрү бүгүн чоң суроо-талапка ээ экендиги белгилүү. Калктын көпчүлүк бөлүгү да дүкөндөрдү аралап жүргөндөн көрө, интернет аркылуу буйрутма бере салганды туура көрөт. Ошентсе да, рынокто атаандаштык жогору экенин унутпаңыз.Сиз баштай турган бизнес, андагы товар кандайдыр бир белгилер менен артыкчылыктарга ээ болсо гана, ишиңиз алдыга жылышы мүмкүн. Алдын ала базарды иликтеп алыңыз. Баштапкы капитал сиздин товарыңызга, ишиңиздин сапатына байланыштуу аныкталат.

7. Студенттерге арналган кызмат түрлөрүн сунуштоо

Аталган иштин түрү дайыма суроо-талапка ээ. Курстук иштер, реферат, баяндама, эссе жазуу, экзамен суроолоруна жооп даярдоо, эсеп чыгаруу, ар кандай сүрөттөрдү чийүү, дипломдук иш жазуу, изилдөө жумуштарын аткаруу, түрдүү кеңеш берүү жана башкалар.Атайын иш түрлөрүн сунуштоо үчүн сиздин белгилүү бир багыттагы билимиңиздин болгону маанилүү. Кызмат түрүн интернет, соцтармак, сайт аркылуу да сунуштоого болот, бирок кийин студенттер менен түз иштешкен натыйжалуу.Эгер сиздин жасаган жумушуңуз бир адамга жакса, ал сизди сөзсүз башка да досторуна айтат. Баштапкы капитал керектебейт. Ошентсе да, алданып калуудан сактануу үчүн алдын ала төлөм же бөлүп төлөө менен келишип алганыңыз туура болот.

8. Котормочу кызматы

Тилди жакшы билүү – сиздин бизнесиңиздин негизине айланат. Бир гана сабаттуу болуп гана койбой, атайын адистештирилген терминдер менен иштей алуу маанилүү. Башкача айтканда, ар кандай журналдардагы макаланы, сайттарга арналган жаңылыктарды жана башка да документтерди которуу аркылуу ийгилик  жаратып, баштап кетсеңиз болот.Эгер синхрондук котормону өздөштүргөн болсоңуз, чоң иш-чараларга суроо-талап милдеттүү түрдө болот. Кыргызстанда кыргыз, орус, англис тилин катар өздөштүргөн синхрондук котормочуларга суроо-талап абдан жогору.

9. Фотограф

Фотографтын кызматын аткаруу үчүн кесипкөй деңгээлде тарткан фотоаппарат, түрдүү объективтер жана башка да жабдуулар керек. Мындан бөлөк графикалык редакторлор менен жумуш тажрыйбасы сыяктуу милдеттемелердин болгону абдан маанилүү. Дароо атайын фотосессияларды уюштуруу же жалгыз сүрөткө тартуу аркылуу натыйжалуу жолдордун бирин тандап, өз кесибиңизди оңой эле баштап кете аласыз.

10. Бала багуучу

Азыр шаарда жашаган адамдардын көпчүлүгү иш менен алек.Ошондуктан, балдарын караганга адам көп издешет.Бул кызмат түрү аялдарга арналган. Ал үчүн педагогикалык-психологиялык билимдин болушу, жумуш тажрыйбасы, ошондой эле кечки жана дем алыш күндөрдө иштей ала тургандай мүмкүнчүлүктөрдүн болгону туура.Кандайдыр бир лицензия, уруксат кагаздын болушу зарыл. Ал эми мурун иштеген жерлеринен алынган сунуш кат болсо андан жакшы. Баланын ата-энесинин үйүнө барып, же бардык шарты бар өз үйүңүздө карасаңыз болот.

11. Тигүүчүлүк

Үйдө олтуруп  жасоого болгон эң натыйжалуу бизнестин бири – тигүүчүлүк. Кийим кыскартуу, төшөк тигүү, парда тигүү ар дайым суроо-талапка ээ. Албетте, анын модалуу, баарына жагымдуу болушу үчүн кесипкөйлүк зарыл болуп саналат.Башында тигүү машинасы менен жип сыяктуу жабдуулар керек. Мунун чыгымы анча чоң эмес. Мында башкысы – көңүл менен колуңуздун чеберчилиги. Башында үйрөнүү үчүн чеберлердин жанында иштеп көрсөңүз да болот.

12. Кооз буюмдарды жасоо

Бул үчүн колуңуздан бал тамган ууз болуу милдеттүү эмес. Аял кишилерге ылайыктуу бул кесипти баштоо үчүн колуңуздун эптүүлүгү менен бир аз ынтызарлык керек.Түрдүү буюмдарды жасоого арналган кеңештерди Youtubeдан көрүп, идея алууга болот. Ал эми керектүү жабдыктар менен фурнитураларды саткан атайын дүкөндөр бар.Эң арзанын барахолкадан аласыз. Жасаган уюмдарыңызды интернет аркылуу сатууга болот.Бул үчүн инстаграм – алмашкыс курал. Мындан башка соода борборлорундагыкооз буюмдарды саткан дүкөндөр менен макулдашып сатууга болот.