Аскер адамдарынын аялдары уйкусуздукка көп чалдыгышат

26 июня 2019 Аскер адамдарынын аялдары уйкусуздукка көп чалдыгышат

Аскер кызматкерине жар болуу оңой иш эмес. Америкалык окумуштуулардын айтымында, аскер адамынын аялынын түн уйкусу көп качат, ошол себептен тынчы жок болот. Бул маселеге байланыштуу изилдөө натыйжасы American Academy of Sleep Medicine сайтында жарык көрдү.

Илимий тажрыйбага офицерлер менен турмуш курган 1480 аял катышкан. Изилдөө учурунда алардын стресске канчалык көп чалдыгары, жашоого көңүлү толуп, толбой турганы, дарыгерге канчалык көп көрүнөрү тууралуу суроолор коюлган.

Акыр аягы аскер кызматкерлеринин жубайларынын 54 пайызында дайыма уйкусу качып, анын айынан күнү бою тынчсызданып жүрөрү аныкталды. Ал эми бул аялдардын 62 пайызынын жума ичинде катуу чарчап-чаалыга турган учурлары болот.

Адистердин айтымында, бир гана согуш кыймылдары болгон аймактарда кызмат кылып келген аскерлерге эле эмес, алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн, биринчи кезекте аялдарынын абалына көңүл буруу керек.