Ысык күндө суусунду кандыруу үчүн эмне ичүү керек?

26 июня 2019 Ысык күндө суусунду кандыруу үчүн эмне ичүү керек?

Жай келип, күн ысыганда суусунду кандыруу үчүн жакын дүкөнгө кирип, муздак суусундук сатып алабыз. Бирок, ысык күндө галдалган суусундукту ичүү зыян экенин билесизби? Чаңкоону баскыңыз келсе, төмөндөгү кеңешке кулак салыңыз.

Муздак суу

Адистер күнүнө 1,5-2 литр суу ичүүгө кеңеш беришет. Ал клеткага бир гана кубат эмес, организмдеги ашыкча заттарды чыгарууга себеп болот.

Ысык чай

Күндүн ысыгында чай ичкенге эмне жетсин? Ысык чай дароо чаңкооңузду басып, дене температурасын бир калыпка келтирет.

Помидор ширеси

Сууну же чайды ичкиси келбегендер үчүн помидор ширесин сунуштайбыз. Даамдуу шире суусунуңузду дароо басат.