“Алар бир күндүк, бир сааттык”: Кайрат Нуртастын аялы күйөөсүнүн жанында жүргөн жаш кыздар тууралуу айтты

26 июня 2019 “Алар бир күндүк, бир сааттык”: Кайрат Нуртастын аялы күйөөсүнүн жанында жүргөн жаш кыздар тууралуу айтты

Жылдыз Абдикаримова күйөөсүнүн жанында клипке тартылган жаш кыздар тууралуу өз пикирин айтты.

Белгилүү ырчы Кайрат Нуртастын аялы күйөөсүн эч кимден кызганбай турганын айтты. Анын айтымында, өнөр ээсин кызганууга себеп жок. “Күйөөм менен кино, клипке чогуу тартылган сулууларды көңүлүмө албайм” - деген Жылдыз өзүнүн сулуулугуна ишенерин айтты.

“Кызганыч деген азыр такыр жок десем да болот. Мурда  деле аша чаап, ичим күйүп, кызганып көргөн эмесмин. Мага Кайрат себеп бербейт. Алдаган учурлары да болгон эмес. Ага толугу менен ишенем. Ал эми жанындагы кесиптештерине келе турган болсок, клипке тартылып жаткан кыздар деп жатасыз. Мен да сулуумун. Аны өзүм билем”, - деди Жылдыз Абдикаримова.

Бирок, ал ошол сулуулардын эмгегин өзгөчө баалай турганын жашырган жок. Агынан жарылган өнөр ээсинин келинчеги аларды убактылуу актриса катары кабыл аларын айта кетти.

“Жашын айтып жатасыз. Мен бир гана жанында тартылган кыздардын клиптеги, кинодогу өнөрүн баалайм. Себеби, алардын эмгеги чоң. Алар болгону кесиптеш. Башкача кабыл албайм. Алар бир күндүк, бир-эки сааттык актриса деп түшүнөм. Алар мен үчүн чоң окуя эмес”, - деп Кайраттын келинчеги айтты.