Индияда асмандан адамдын заңы жаады

5 ноября 2018

Индиянын Гургаон шаарынын жанында асмандан адамдын заңы жаады. Башында айыл жашоочулары заңды метеорит деп ойлоп алышкан. Бирок, полиция кызматкерлери анын учактан төгүлгөн заң экенин аныкташты, деп The Indian Express басылмасы кабарлайт.

Асмандан төгүлгөн заң бийиктен жерге жеткенче музга айланып, катуу абалда жааган. Мындай заңдын эң чоңунун салмагы 10 килограмм болгон. Башында заң катуу абалда болгондуктан, айыл жашоочулары аларды асман телолору деп ойлоп, тартип сакчыларына билдиришкен.

Полиция окуя болгон жерге жеткен убакта катып калган заң эрип, бүтүндөй айылды жагымсыз жыт каптаган.

Белгилей кетсек, 2016-жылы Индия аба компанияларына учактан адам заңдарын жерге төгүүгө тыюу салган. Себеби, буга чейин да мамлекетте ушул сыяктуу бир нече окуя катталган.