Такси жүргүнчүлөрүнө кеңеш: Айдоочу жемиш, тамак, чылым сунуштаса, баш тартыңыз

25 июня 2019 Такси жүргүнчүлөрүнө кеңеш: Айдоочу жемиш, тамак, чылым сунуштаса, баш тартыңыз

Укук коргоочулар такси менен жүргөн жүргүнчүлөргө бир нече кеңеш айтышты

Жолдун жээгинде туруп, кол булгап такси токтууга болбой турганын көпчүлүгүбүз биле бербейбиз. Ага тыюу салынган. Көп учурда жүргүнчүлөргө, же айдоочунун өзүнө коркунуч туудурган учурлар, айрыкча, катталбаган мыйзамсыз таксилердин катышуусу менен орун алат.

Көчө бойлоп, кол көтөргөндөргө токтой турган таксилер бар. Вокзал айланасынан мындай көрүнүштү көп байкоого болот.

Көпчүлүгү: “Жумуш менен баратам, жолубуз бир болсо алып кетесизби? Бензиндин акчасын чыгарып аласыз. Акча ашыкча болбойт”, - дешет унаа айдоочусуна.

Таксопаркка катталган таксилерде терс окуя же кылмыш орун алса, шектүүнү табуу оңой. Ал тургай, мекемени да жоопко тартса болот. Ал эми мобилдүү кошумчалар түз ташуу менен алектенбейт, болгону кардар табууга жардам берет. Бирок, маалымат системасына кошулгандан кийин текшерип, окуя орун алса, аныктоого мүмкүндүк бар.

Коопсуздугуңуз үчүн укук коргоочулардан кеңеш.

Урматтуу жүргүнчү:

  • Көчөдөн жөнөкөй унаа токтоотудан баш тартыңыз. Таксини таксопарк аркылуу чакыртканыңыз зарыл.
  • Унаага олтурар алдында анын номерин сүрөткө тартып алыңыз жана арткы орундукка гана олтуруңуз.
  • Унаага олтургандан кийин мүмкүн болсо, смартфондон маршрутту көзөмөлдөп туруңуз. Айдоочу багытынан тайса, себебин сураңыз, же токтотуусун талап кылыңыз.
  • Айдоочу жолоочу адам ала кетем же бир жерерге кирип чыгам десе, макул болбоңуз.
  • Айдоочу ичимдик же жемиш, тамак, чылым сунуштаса баш тартыңыз. Адардын курамында уктатуучу же психотроптуу заттар болушу мүмкүн.
  • Эгер айдоочунун тийишкиси келип жатканын байкасаңыз, телефон менен тааныш адамыңызга кабарлашып, тосуп алуусун сураныңыз, унаанын маркасы, түсү жана номерин айтып бериңиз.
  • Дайыма такси кармай турган болсоңуз, газ, электрошокер жана башка коргонуу куралдардарын өзүңүз менен бирге алып жүрүңүз.

Андайдын бетин ары кылсын, бирок кудай сактанганды сактайт. Кырсыктан эч ким корголгон эмес.