Колтугуну жүнү терилген эмес: Таанымал ырчы кыздын сүрөтү элге чуу жаратты

25 июня 2019 Колтугуну жүнү терилген эмес: Таанымал ырчы кыздын сүрөтү элге чуу жаратты

Таанымал ырчы кыздын сүрөтү тармакты жарып, элди ызы-чууга салды.

Белгилүүлөр адамдар менен тармак колдонуучуларр Rolling Stone журналынын башкы бетиндеги сүрөтү таң калтырган. Элге Холзи катары таанылган Эшли Франджипани аттуу ырчы түгү тазаланбаган колтугу менен журналдын алгачкы бетине чыккан. Кыздын сүрөтүн көргөн эл ызы-чуу түштү.

Сүрөттө Холзи эки колун желкесине коюп, тазаланбаган колтугун көрсөтүп турат. Айрым белгилүү адамдар журналдын өзгөчө маанай тартуулаганына абдан ыраазы.

“Көпчүлүк басылмалар сыяктуу колтугун монтаждап салбаганы мени кубантты. Аялдар денесине түк өсө элек кичинекей бала эмес. Керемет мукаба”, “Бул сүрөттө баары сонун. Ал тургай, эмне айтарымды билбей турам”. “Рок жылдызынын деңгээли”, - деп тармак колдонуучулары өз пикирин калтырышкан.

Талкууга жылдыздын угуучулары да кошулуп, өз пикирлерин жаадырышкан. Бул сүрөт алардын көңүлүнөн чыккан сыяктуу.