Борбордук Азиянын сырткы жана ички соодасын кантип көбөйтүүгө болот?

24 июня 2019 Борбордук Азиянын сырткы жана ички соодасын кантип көбөйтүүгө болот?

Соода ушул убакытка чейин бажы салыктарынан түшкөн түз кирешелердин эсебинен мамлекеттик бюджетти көрүнүктүү деңгээлде толтууга жөндөмдүү экономикалык активдүүлүктүн салыштырмалуу кирешелүү келечектүү түрү болуп саналат, ошондой эле экономиканын башка тармактарынын өнүгүү булагы болуп кызмат кылат.Экономиканын башка тармагы дегенде, соода өнөр жай өндүрүшү, пайдалуу казып алуулар менен тыгыз байланышкан.

Бул жаатта Борбордук Азия региону дүйнөнүн башка өлкөлөрүнөн айырмаланбайт. Бул жерде дагы соода региондун өлкөлөрүнүн экономикасыныда маанилүү орунду ээлейт. Өлкөлөрдөгү сооданын ролун жакшы түшүнүү үчүн анын спецификасын кыйла терең карап чыгуу керек.

Баарынан мурун, Борбордук Азияда ички регионалдык жана сырткы регионалдык соода өзүнүн түзүлүшү боюнча кыйла айырмаланарын белгилей кетүү керек. Бул региондун өлкөлөрүнүн экономикаларынын өзгөчөлүгү менен байланышкан. Региондо азыркы учурда айыл чарбасы, тоо-кен өндүрүү (пайдалуу кендерди алгачкы иштеп чыгуу менен) жана нефтегаз сектору жакшы өнүккөн. Ошондуктан, ушул ишкердиктин жыйынтыгында алынган продукциялардын жоон тобу региондун чегинен тышкары экспорттолот жана аларды жеткирүү стратегиялык мүнөзгө ээ. Анткени, көпчүлүк учурда бюджетти толуктоонун негизги булагы катары кабыл алынат, айрым учурларда жергиликтүү калк үчүн маанилүү финансылык жардам болуп саналат. Ошондуктан, региондун өлкөлөрүнүн экономикасы үчүн соода чөйрөсүнүн маанилүүлүгүн түшүнүү үчүн аны сырткы регионалдык өлчөмүнүн негизинде гана анын түзүмүн жана спецификасын кароо зарыл.

Бул жаатта ачык мисал Казакстан боло алат, ал жакта Борбордук Азиянын чегинен тышкары өтө маанилүү беренелер болуп көмүрсуутекти экспорттоо саналат, биринчи кезекте – нефти жана бир азыраак –жаратылыш газы (2018-жылдагы маалыматтар боюнча 70%дан ашык), жана түрдүү металлдар – куйма темирлер, уран, жез, темир, анын ичинде болот, алюминий ж.б. (дээрлик 16%). Башкача айтканда, бул республика чет өлкөгө экономиканын тоо-кен казуу тармагынын продукцияларын чийки түрүндө, иштетилген продукция түрүндө жеткирилип турат. Экспорттун үчүнчү маанилүү беренеси болуп айыл чарбасында өндүрүлгөн товарлар саналат. Бул жаатта ненегзи бөлүгү дан түрүндө, бир азырагы – даяр ун жана ун азыктары, өсүмдүк майы, эт-сүт азыктары ж.б. түрүндө (5%дан ашыгы). Казакстандын экспортунун соода керектөөчүсү болуп ЕБ (бул жакка казакстандын товарларынын жарымы кетет), Орусия жана Кытай саналат.

Өзбекстан Казакстанга караганда сырткы регионалдык соодада бир нече мыкты түзүмү менен айырмаланат. Мисалы, анда чоң ролду нефтегаз жана тоо-кен казуу тармактарынын комплексинин продукциялары гана эмес, андан тышкары айыл чарба өндүрүшүнүн жана жеңил өнөр жайынын товарлары ойнойт. Биринчи эки тармак, албетте, үстөмдүк кылат. Мисалы, жылуулук алып жүрүүчүлөрдүн жана нефти азыктарынын экспортуна 21% туура келет, алтынга – дээрлик 14%, түстүү жана кара металлга – 8%, химия өнөр жайынын продукцияларына – 7%, башкача айтканда аларды жалпылап алганда бардык экспорттолгон товарлардын топтому (2018-жылдын маалыматы). Ошол эле учурда, салттуу элестетүүлөргө карабай, азыркы Өзбекстандын сырткы соода айлантуусунда пахта өтө төмөнкү үлүшкө ээ. Ал бардык көлөмдүк 2%ын аган түзөт. бирок, ошол эле учурда дээрлик 10,5% өзбек экспорту чет өлкөгө текстиль продукцияларын жеткирүүгө туура келет. Ал ушул эле жерде өстүрүлгөн продукциядан жасалат. Борбордук Азиянын чегинен тышкары Өзбекстандын маанилүү соода өнөктөшү болуп Кытай, Орусия, Түркия жана Ооганстан саналат.

Тажикстан өзнүнү сырткы соодасынын түзүлүшү боюнча коңшу Өзбекстанга окшош. Андан дагы Борбордук Азия өлкөлөрүнүн чегинен тышкарытоо-кен тармагынын продукциялары – түстүү металлдар (алюминий, коргошун, алтын, цинк ж.б.) жеткирилип турат, алар республиканын экспортунун 72%ын түзөт. экинчи орунда пахта турат, ал Тажикстандын айыл чарба товарларынын маанилүү товары болуп саналат, ага дээрлик 10,5%туура келет. Ошондой эле, калыпталган стериотиптерге карабай, өлкөнүн чегинен тышкары кургатылган кактарды жеткирүү 1,5%ды түзөт, бирок өсүү тенденциясы бар. Республикадагы өндүрүлгөн айыл чарба продукцияларынан баары болуп 5% гана экспорттолот. Тажикстандын маанилүү соода өнөкөтөшү болуп Казакстан саналат. Ага соода продукцияларынын дээрлик 30% туура келет. Борбордук Азиянын регионунын тышкары өлкөлөрдүн ичинен тажикстандын товарларынын негизги керектөөчүлөрү болуп Түркия, ЕБ өлкөлөрү жана Алжир саналат. Кытай жана Орусия географиялык жакындыкка карабай, бул өлкөнүн продукцияларынын негизги керектөөчүсү болуп саналат.

Кыргызстан жалпысынан өзүнүн экспортунун курамы боюнча региондун өлкөлөрүнүн негизги бөлүгүнөн айырмаланбайт. Региондун чегинен тышкары экспорттун негизги беренеси болуп тоо-кен тармагынан продукциялары саналат. Биринчи кезекте – бул түстүү металлдар: 46%дан көбүрөөк (алардын 39% - бул алтын). Кыргызстандын экспортунун тизмесиндеги экинчи орунда – текстиль продукциясы турат, ал дээрлик 5,5%ды түзөт, андан кийин – жылуулук алып жүрүүчүлөр 5%, айыл чарба продукциялар – 3%дан ашык, пахта – 2%дан ашык эмес. Кыргызстандан чыгып жаткан товарлар жеткирилген негизги өлкөлөр болуп Швецария, Орусия, Улуу Британия, Түркия жана Кытай саналат.

Түркмөнстан Борбордук Азия өлкөлөрүнүн ичинен жаратылыш ресурстарынын экспортунан көз каранды – анын түзүмүнүн дээрлик 90%ын түзгөн жаратылыш газы жана нефти азыктары. Алардын өтө чоң үлүшү региондон тышкары чыгарылып кетет. Экинчи орунда маанилүүлүгү боюнча пахта менен соодалашуу турат – 5% (анын негизиндеги токулган буюмдар). Ошондой эле, экономиканын түзүмүнүн 2%ын түзгөн алтын дагы экспорттолот. Товарлардын негизги саны кеткен беренелер боюнча Түркмөнстандын соода өнөктөшү болуп Кытай (дээрлик 80%), Түркия, Италия жана Улуу Британия саналат.

Муну менен, региондун чегинен тышкары артыкчылыктуу кайсы беренелер кетип жатканына басым жасоо менен Борбордук Азия өлкөлөрүнүн экспортунун негизги өзгөчөлүгүн жана анын курамын карап чыккандан кийин бир катар кызыктуу мыйзам ченемдүүлүктөр анык болот. Борбордук Азиянын дээрлик бардык мамлекеттири сырткы сооданы ишке ашырууда жаратылыш ресурстарын – көмүрсуутеки же металлды чет өлкөгө жеткирүү менен байланышкан. Бул алардын баарындагы артыкчылыктуу берене болуп саналат жана экспорттолгон продукциянын жарымынан көбүн түзөт. Ошол эле учурда бул фондон Тажикстан бир азыр айырмаланып турат, анын соода түзүмүндө пахта экспорту маанилүү орунду ээлейт, ал эми Өзбекстан Тажикстандан айырмаланып сырткы рынокко даяр текстиль өнөр жайынын даяр продукциясын алып чыгууга аракет кылат. Кыргызстан текстиль продукциясын сырткы рынок үчүн өндүрүү деңгээли боюнча региондо экинчи орунда турат. Бирок коңшу Өзбекстандан айырмаланып, ал жергиликтүү эмес, сырттан алынып келнген кездемелерди пайдаланат. Маанилүү агрардык потенциалга ээ болуп туруп, Борбордук Азия мамлекеттери чет өлкөлөргө чийки жана жарым-жартылай же толук иштетүүдөн өткөн тамак-аш азыктарын дээрлик начар жеткирет.

Мындан улам, Борбордук Азия өлкөлөрүнүн түрдүү жаратылыш ресурстарын экспорттоого болгон өзгөчөлүгү дароо көзгө көрүнөт, айрым учурларда иштетилип, анын чыгарылат, бирок өтө аз көлөмдө. Региондун чегинен тышкары жеткирилип турган товардык продукциянын калган беренелери анчалык чоң көлөмдө эмес. Экспорттун мындай үзүмү көпчүлүк учурда региондун өлкөлөрүнүн өзүндөгү экономикалык өнүгүүнүн өзгөчөлүгү менен түздөн-түз байланышкан. Анын экономикасы үчүн жалпысынан казып алуучу жана аны менен байнышкан кайра иштетүүчү өнөр жай менен агарардык сектор кламтеринин айкалышы мүнөздүү. Өзбекстанда жана Кыргызстанда аларга жеңл өнөр жайын дагы кошууга болот. Аталган өз ара байланыш жалпысынан региондун өлкөлөрүндөгү экономикалык кырдаалга терс таасирин тийгизет. Анткени, бюджетке аябай жакшы жыйынды киреше алып келген чийки затты тез жана чоң көлөмдө сатууга болгон аракет экономиканын башка тармактарынын өнүгүшүн белгилүү бир деңгээлде чектейт. Бул өз кезегинде сырткы соодага дем берүү үчүн кармап туруучу фактор болуп саналат, анткени сырткы рынок үчүн товарлардын ассортиментин кеңейтүү үчүн оң стимул бербейт. Борбордук Азия республикаларында товарлардын түрдүү беренелерин экспортоо үчүн чоң потенцил бар.

Мындан сырткары, Борбордук Азия мамлекеттеринин арасында регион ичиндеги өз ара соодалашуу өнүккөн. Бул көпчүлүк жактан стратегиялык негизги товардык категориялар анын чегинен тышкары чыгып, алыскы чет өлкөлөргө (негизинен Кытайга, ЕБ өлкөлөрүнө, Улуу Британияга, Түркияга) жана Орусияга эсептелгендиги менен шартталат. Региондун өлкөлөрү ошол эле учурда ички рынок үчүн продукциялардын дээрлик окшош категорияларын чыгарышат, аларды иш жүзүндө коңшу өлкөлөргө жеткирүү дагы татаал болут, анткен менен айыл чарба продукциясынын айрым бөлүктөрү жана азык-түлүктөр региондун ички рыногуна жеткирилип турат, бирок өтө чектелүү гана. Негизинен – бул жашылча жана мөмө-жемиштер, эт жана сү азыктарынын айрым категориялары.

Бул жаатта Казакстан айрым өзгөчөлүктөргө ээ. Ал өнөр жайдын өнүккөн деңгээлине ээ болуп туруп, азыркы учурда Борбордук Азиянын ички инвесторунун ролун ойноп жатат. Бул өлкө Борбордук Азиянын рыногунда товарларды маанилүү сатып алуучу болуп саналат. Казакстан Тажикстандын бардык экспортунун 30%ын, Кыргызстандын 15%ын жана Өзбкестандын 11%ын камсыз кылат. Ошол эле учурда казакстан региондогу жогорку сапаттуу дандын жана ундун жеткирүүчүсү болуп саналат. Бирок коңшу өлкөлөр Казакстан үчүн аталган позицияларда негизги сатып алуучу болуп саналабайт.

Ошентип, Борбордук Азия регионунун ички соодасы сырткы соода сыяктуу эле бюджетти толуктоо үчүн маанилүү жана анын өлкөлөрүнүн калкы үчүн кирешелүү булак болуп саналат. Бирок, аны менен катар эле региондун ичиндеги соода алыскы чет өлкөлөр жана КМШнын башка өлкөлөрү менен болгон соодага караганда начар өнүккөндүгүн моюнга алууга туура келет. Кантсе дагы,, биздин регион жогорку соода дараметине ээ жана иш жүзүндө бир атар параметрлер боюнча дүйнөлүк рынокко жаңыдан эле чыга баштады. Бирок, бул процесс карама-каршылыктуу жана бирде эмес, анткени биз жогоруда айткандай региондун ар бир өлкөсү өзүнүн өзгөчөлүктөрүнө жана сырткы соодада мүмкүнчүлүктөрүнө ээ.

Бирок, Борбордук Азия өзүнүн соода потенциалын кеңейтүүдө туш болгон бир катар татаалдыктарды бөлүп кароого болот:

  • Азыркы учурдагы экспорттук продукциялардын ассортиментинин чектелгендиги, бул тууралуу жогорула сөз болуп өттү. Бул кошумча сырткы рынокко чыгып жаткан бир катар продукциялардын кластери аталган өлкөлөрдө окшоштугу менен толукталат, бул өз кезегинде ички атаандаштыкты пайда кылат.
  • ЕАЭБ тарабынан Борбордук Азияны ушул уюмдун рыногуна кирүүдө түрдүү мүмкүнчүлүктөрдү берүү менен тең эмес факторго белүүсү, биринчи кезекте – орусиялык рынокко, ал эң келечектүү жана ири рынок болуп саналат. Бул Борбордук Азия өлөлөрүнүн соода балансынын өз ара, мисалы коңшу Кытай менен өзгөрүшүнө алып келди.
  • Транспорттук инфра түзүмдүн начар өнүгүшү, анткени региондун маанилүү бөлүгү татаал жаратылыш шарттарында жайгашкан (бийик тоолуу, чөл жана жарым чөл). Бул борбордук азия товарларын сырткы рынокко жеткирүүнү татаалдантат. Жүк ташуулардын эң жайылган түрү – бул авто жол аркылуу, бул товардын акыркы баасын кымбаттатып жиберет. Ошол эле учурда, азыркы учурда эң арзан тарнспорттун түрү – темир жол, ал дагы региондо жакшы өнүккөн эмес жана соода үчүн керектөөлөрдүн үчтө бир бөлүгүн дагы жаба албайт.

Борбордук Азиядагы сооданын деңгээлине жана интенсивдүүлүгүнө таасир эткен кошумча фактор болуп анын аймагына төмөн сапаттагы товарларды транзит менен узак убакыт бою алып келип тургандыгы. Бирок, 2000-жылдардын ортосундагы Кытайдын өзүнүн экономикалык абалы жакшы жакка өскөндөн кийин , арзан баалуу кеңири керектелүүчү товарлар бул көлөмд чыгарылбай калды. Бул Кытай менен болгон Кыргызстандын жана Казакстандын ортомчулук аркылуу соода кылуу мүмкүнчүлүгүнө өз таасирин тийгизди. Кыргызстан жана Казакстан аркылуу Кытайда өндүрүлгөн арзан баадагы товарлардын агымы өтүп турчу. Ошондуктан, транзиттик сооданын начар агылган каатчылыгы региондогу анын өзүнүн түзүмүнүн өзгөрүүсүнө алып келген. Бирок, ошол эле учурда Кыргызстанда жана Өзбекстанда акырындык менен майда текстиль өнөр жайынын өнүгүүсүнө алып келүүдө. Аталган өлкөлөрдөн ушул кластердеги товарлар Орусияга же алыскы чет өлкөгө активдүү жеткиреле баштады.

Ушуну менен катар борбордук азия өлкөлөрүнүн сырткы соодасынын өнүгүүсү үчүн бир катар потенциалдуу мүмкүнчүлүктөрдү көбүп кароого болот:

  • Алардын ичинен салыштырмалуу келечектүү болуп, коңшу Кытайдын рыногун өздөштүрүү саналат. Андан акыркы 10-15 жыл аралыгында жарандардын маанилүү бөлүгүндө сатып алуу мүмкүнчүлүгү кыла өскөн. Ал эми Борбордук Азия өлкөлөрүнүн “Бир жол – бир алкак” деп аталган Кытайдын демилгесине иш жүзүндө катышуусу бул өлкө менен болгон сырткы сооданы өстүрүү келечегин ачат, ошондой эле евразия регионунун башка рынокторуна Кытай менен транс евразиялык коридорлорду ачууга мүмкүн болот. Анын үстүнө Борбордук Азиянын транспорттук инфра түзүмү кытайдыкы менен активдүү интеграцияланышат. Азыркы учурда эле Казакстан менен Кытайдын ортосунда айыл-чарба продукцияларын жеткирүү боюнча “жашыл коридорлор” ийгиликтүү иштеп жатат. Анткени, Кытай жаратылыш ресурстарын салттуу импорттоодон тышкары, Борбордук өлкөлөрүнөн сапаттуу азык-түлүктөрдү жеткирүүгө өтө кызыктар.     
  • Аталган уюмдун рыногуна түрдүү кластердеги товардык продукцияларды жеткирүү боюнча ЕАЭБдин мүмкүнчүлүгүн андан ары ишке ашыруу (жаратылыш ресурстары, айыл-чарба продукциялары, азык-түлүктөр, текстиль ж.б.). Мындан тышкары, аталган уюм өзүнүн потенциалдык кеңейүүсү боюнча ага мүчө болгон жана жакынкы келечекте мүчө боло турган Борбордук Азия өлкөлөрү үчүн соода келечегин кеңейтиши мүмкүн. Анын үстүнө бул 2015-жылы башталган ЕАЭБди “Бил жол – бир алкак” кытай демилгеси менен синхрондоштуруу процессин күчөтөт.  
  • Азияда кытайдан тышкары салыштырмалуу келечектүү деп саналган Индиянын рыногуна Борбордук Азиядан товар жеткирүү. Ушул жылдын июнунан тартып аталган өлкөгө карата АКШ тарабынан чектөөчү санкциялардын киргизилиши, анын ичинде бир катар азык-түлүк товарларына Индиянын соода байланыштарынын багыттарын кайра түзүүө алып келши мүмкүн, бул кырдаалды пайдаланып кетүүгө болот. Индиялык керектөөчүлөр Борбор Азия өлкөлөрүнөн өндүрүлгөн айыл чарба продукцияларына жана азык-түлүктөрдүн кеңири ассортиментине кызыгуу жаратышы мүмкүн.
  • Борбордук Азиянын товардык продукцияларын Түркияга жеткирүүнү кеңейтүү, ал өзүнүн экономикасы үчүн зарыл болгон – пахта, жүн, иштетилбеген тери, газ, ошондой эле айыл чарба продукциялары сыяктуу бир катар кластерлерге салттуу түрдө кызыгуу арттырып келет.
  • Өзгөчө жеңилдиктердин жалпы схемасы (ӨЖЖС+) макулдашуусунун алкагында региондун өлкөлөрү үчүн мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү, ага азыркы учурда Борбордук Азияда Өзбекстан, Тажикстан жана Кыргызстан кошулган. Ал ЕБ өлкөлөрүнө пайдалуу шарттарда бир катар товарларды жеткирүүгө мүмкүнчүлүк берет. Аталган макулдашуу региондун белгиленген өлкөлөрү үчүн европа өлкөлөрү менен сырткы сооданы кеңейтүүгө түрткү берүүдө. ЕБ кен казуу тармагынын бир катар аталышына, айыл чарба продукциясына кызыгуу жаратып келет.  

Ошентип, Борбордук Азия өлкөлөрү сырткы рынокторго бир эле жаратылыш ресурстарын (көмүрсуутек, металл ж.б.) эмес, бул бир катар өлкөлөр үчүн сырьёлук мамиле кылууга алып келүүчү негиз берет. Чынында, аталган өлкөлөрдө өтө кеңири суроо-талапа ээ товарларын ассортименти бар. Ошентип, жаратылыш ресурстарынын чоң сандагы көлөмүнө ээ болуп туруп, региондун өлкөлөрү сырьёлук же биринчи стадиядагы кайа иштетүүдөгү жарым фабрикаттарды жеткирүүгө эмес, алардын негизинде даярдалган аыркы талапка жооп берген даяр продукцияны жеткирүүгө аракет кылышы керек. Мындан тышкары, Борбордук азия өлкөлөрү жогорку агарардык потенциалга ээ болуп туруп, сырткы соодада сапаттуу азык-түлүктөрдү экспортоону жолго салууну начар ишке ашырып келет. Өзгөчө регион жалпысынан бай болгон – жаңгактын түрүн, мөмө-жемиштерди, кургатылган мөмөлөрдү, балды, ошондой эле эт жана сүт азыктарын экспортоону жолго сала элек. Биринчи учурдагыдай эле, сырткы рынокторго жогорку сапттагы даяр продукцияны жеткирүү келчектүү болуп саналат. Анын үстүнө, Борбордук Азия өлкөлөрү өзүнүн айыл чарба продукцияларын “экопродукт” бренди алдында жайылтуу үчүн бардык мүмкүнчүлүктөргө ээ. Азыркы учурда экопродукттар дүйнөдө жогорку суроо-талапка ээ. Региондун өлкөлөрү экспорттук потенциалдын ийгиликтүү ишке ашыруу үчүн жакшы шарт болгон үчүнчү багыт болуп мал чарбасынын продукцияларын, анын ичинде сапаттуу жүн, кашемирдин ж.б. негизиндеги кездеме ж.б. сыяктуу продуктыларды, ошондой эле, иштетилген жана андан ары өндүрүү үчүн даяр терилерди чет өлкөгө жеткирүүнү жөнгө салуу саналат.

Сапатты өстүрүү жана даяр продукцияны соодага багыттоо аны ишке ашырууда жогоруда белгиленген факторлорду жоюу жана алардын басымын төмөндөтүү шарттарында Борбордук Азия өлкөлөрүнүн экспорттук потенциалын белгилүү бир деңгээлде жогорулата алат. Мындан тышкары, региондун өлкөлөрү өздөрүнүн товарларын региондун чегинен тышкаркы рынокторго продукцияларды алып чыгууга активдүү аракет кылышы керек. Анткени, көпчүлүк учурда борбор азиянын товарларын керектөөчүлөр товарларды издеп өздөрү келши керек деген тенденция калыптанып калган. Ошондуктан, потенциалдуу керектөөчүлөрдүн өлкөлөрүндө заманбап каражаттардын жардамы аркылуу эл аралык экономикалык көргөзмөлөргө ырааттуу катышуу, массалык жарнама акциялары келечекте кыйла масштабдуу соода-экономикалык байланыштарды жолго салууга, алардын узакка иштеше турган өнөктөштөрдү табууга жана жаңы рынокторду өздөштүрүүгө жардам берет. Ушул шарттарды аткаруу келечекте соода айлантууну жогорулатууга эмес, соода менен байланышкан экономиканын башка тармактары – өнөр жайдын, кызмат көрсөтүү чөйрөсүнүн, орто жана ири бизнестин өсүүсүнүн мүмкүнчүлүгүн кеңейтет. Ошондой эле, мамлекеттин бюджетине түшөн пайданын өсүүсүнө жана Борбордук Азиянын өлкөлөрүнүн экономикалык абалынын жалпы өсүүсүнө мүмкүнчүлүк түзөт.