Карыз бербегени үчүн кош бойлуу аялын жардан түртүп жиберди

24 июня 2019 Карыз бербегени үчүн кош бойлуу аялын жардан түртүп жиберди

Үй-бүлөнүн өз бизнестери бар көрүнөт. Бирок, күйөөсү карызга баткан кезде аялынан акча сураган. Акчасын алуу үчүн күйөөсү кош бойлуу аялын жардан түртүп жиберген, деп Bangkok Post басылмасы кабарлайт.

Таиландда 34 метрлик жардан кулаган кош бойлуу аял аман калган. 32 жаштагы Ван Нан аттуу аял күйөөсү менен саякатка чыгып, Пха-Таем Улуттук паркындагы жардан кулап кеткен. Келинди паркта жүргөн туристтердин бири көрүп калып, тез жардам чакырган. Нан дарыгерлерге жардан өзүм кулап кеттим деп айткан. Жабырлануучунун бели, тизеси, колу сынганы менен баласы жабыркаган эмес.

Ван Нан ооруканада күйөөсү жок кезде, сүйүшүп баш кошкон күйөөсүнүн түртүп жибергенин айткан. Күйөөсү келинден карызын жабууга акча сурайт. Аялы акча берүүдөн баш тарткан кезде, күйөөсү аялын түртүп жиберген.

Азыркы учурда Юя Сяо адам өмүрүнө коркунуч жаратканы үчүн айыпталып, камакка алынды. Үй-бүлөнүн өз бизнестери бар. Бирок, күйөөсү карызга баткан кезде аялынан акча сураган. Жарым акчаны гана берүүгө макул болгон келинчегин түртүп жиберген.