Өзбекстандын президенти өзүнө акыл айткан окуучуга унаа белек кылды

24 июня 2019 Өзбекстандын президенти өзүнө акыл айткан окуучуга унаа белек кылды

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиеев 1-июнь күнү Ташкент облусундагы Бустан айылына иш сапары менен барган. Президенттин алдында Фазилат Якубова аттуу окуучу кыз ыр окуп берген.

Окуучу элдин өнүгүүсүнө багытталган “Беш демилге” аттуу ыр окуйт. Мамлекет башчысына окуучу кыздын ыры абдан жагып, анын үй-бүлөсүнө унаа тартуулоого убада берген эле.

Жакында президент берген убадасы боюнча, 3-класстын окуучусу Фазилат Якубованын үй-бүлөсүнө Chevrolet Cobalt унаасын белекке берди. Унаа ачкычын Ташкент облусунун акиминин милдетин аткаруучу Рустам Холматов тапшырды