Социалдык тармакта көп олтурган адамдар стресске кабылары аныкталды

24 июня 2019 Социалдык тармакта көп олтурган адамдар стресске кабылары аныкталды

Америкадагы Пенсильвания университетинин психологдору Facebook, Instagram жана башка социалдык тармактар жалгыздык сезимин өрчүтүп, катуу стресске алып келиши мүмкүн экенин айтышууда. Изилдөөнүн натыйжасы Journal of Social and Clinical Psycholog журналына жарыяланган.

Окумуштуулар тажрыйбага Facebook, Snapchat жана  Instagram тармактарын активдүү колдонгон 143 студетти катыштырып көрүшкөн.

Алар изилдөөгө чейин өз сезимдери менен маанайын сүрөттөп беришет. Ошондой эле, катышуучулардын тармакта канча саат олтурганы да дыкат текшерилген.

Үч жумадан кийин аныкталгандай, социалдык тармакта олтурган адамда түздөн-түз жалгыздык сезимин ойготуп, стрессти арттырат.

Ал эми аны болушунча колдонгон топтүн мүчөлөрү өздөрүн бир калыпта кармап, коомдо активдүүлүгүн көрсөткөн.

“Адам социалдык тармактагы башка бирөөнүн жашоосун байкап олтурганда, өзүнөн башкалардын баары керемет күн кечирип жүргөндөй көрүнөт”, - деген пикирин изилдөө тобунун жетекчиси Мелисса Хант билдирген.