Өмүр баяны Президент Сооронбай Жээнбеков

23 июня 2019 Өмүр баяны Президент  Сооронбай  Жээнбеков

Жээнбеков Сооронбай Шарипович 1958-жылдын 16-ноябрында  Ош облусунун Кара-Кулжа районундагы Кара-Кулжа айылында туулган.

Эмгек ишмердигин 1976-жылы  Ош облусунун Өзгөн районундагы Ленин атындагы орто мектепте орус тили жана адабияты мугалими болуп  баштаган.

1983-жылы К.П. Скрябин атындагы Кыргыз айыл чарба институтун зооинженер адистиги боюнча бүтүргөн.

2003-жылы  Кыргыз агрардык университетинин экономика факультетин бухгалтер  адистиги боюнча аяктаган.

1983- 1988-жылдары – Ош облусунун Совет районундагы “Совет” совхозунда башкы зоотехник.

1988-1989-жылдары  –  Ош облусунун Совет районундагы Кыргызстан Компартиясынын Совет райкомунун инструктору.

1989-жылдан  1991-жылга чейин – Ош облусундагы Совет районунун Ульянов атындагы совхоздун партиялык комитетинин катчысы.

1991-жылдан 1993-жылга чейин – Ош облусунун  Совет районундагы Ульянов атындагы совхоздун директору.

1993-1996-жылдары – Ош облусундагы Кара-Кулжа районунун “Кашка-Жол” колхозунун башкармасы.

1995-жылы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин I чакырылышынын Эл өкүлдөр жыйынына депутат болуп шайланган. Депутат болгон жылдары – Жогорку Кеңештин агрардык саясат Комитетинин төрагасынын орун басары, төрагасы.

2000-2005-жылдары Жогорку Кеңештин II чакырылыштын депутаты, кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин  Эл өкүлдөр жыйынынын Төрагасынын орун басары.

2005-2007-жылдары – Жогорку Кеңештин III чакырылышынын депутаты, агроөнөр жай комплекси жана экология Комитетинин төрагасы.

2007-жылдын 3-апрелинен тартып 24-октябрына чейин – Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министри.

2008-жылдан 2010-жылга чейин  – жеке ишкер.

2010-жылдын апрелинен тартып 2015-жылдын декабрына чейин – Ош облусунун мамлекеттик администрациясынын жетекчиси – облустук мамлекеттик администрациясынын башчысы-губернатордун милдетин аткаруучу, 2010-жылдын сентябрынан тартып – облустук мамлекеттик администрация башчысы-губернатор, август айынан тартып – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү.

2015-жылдын 11-декабрынан тартып – Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматынын директору.

2016-жылдын мартынан тартып – Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчисинин биринчи орун басары.

2016-жылдын 13-апрель айынан тартып –  Кыргыз Республикасынын Премьер-министри.

2017-жылдын 21-августунда Кыргыз Республикасынын Президенттигине шайлоого катышуу тууралуу  чечим кабыл алып, отставкага кетүү тууралуу арыз берген.

2017-жылдын 15-октябрында өткөн шайлоодо шайлоочулардын54,22% добушуна ээ болуп, Кыргыз Республикасынын Президенти болуп шайланган.

Кыргыз Республикасынын Президентинин кызматына 2017-жылдын 24-ноябрында киришти.

 

Булак: http://www.president.kg/kg/prezident/omur_bajany