Интернетте шариатка карама-каршы келген каттарга WhatsApp бөгөт коёт

5 ноября 2018

WhatsApp социалдык тармагында шариатка каршы кат жолдоого мүмкүн болбойт.

WhatsAppта мындан кийин оозеки тилде “бакыт каты” аталып кеткен, алдын ала “катты мынча адамга таратсаң, сөзсүз бактылуу болосуң” деп келген ушундай тексттерди, мындан тышкары шариатыбызга карама-каршы келген каттарды жөнөтүүгө, башкача айтканда, таратууга тыюу салынат.

WABetainfo порталында жазылган маалыматка ылайык, дүйнөгө белгилүү мессенжер бир адамдан экинчисине тизмек аркылуу берилген мындай спам-билдирүүлөрдүн таралышына бөгөт коёт. Мындай билдирүүлөрдү тараткан адамга адегенде жетекчилик тараптанэскертүү берилет. Аталган функция жалган жаңылыктар жана маалыматтар менен күрөшүүгө көмөктөшөт. Азыркы учурда жаңы опция сынактан өткөрүлүп жатат.