Маанайыңыз чөккөндө окуңуз!

5 ноября 2018 Маанайыңыз чөккөндө окуңуз!

Жашоонун башка аталышы жок. Анын аты – жашоо. Ар бир адам өз жашоосунун сүрөтчүсү, өз бакчасынын багбаны. Сиз кандай болсоңуз – жашооңуз да ошондой. Кээ бир учурларда баарын башынан баштагыңыз келип, жан дүйнөңүз ооруйт. Миң кубулган жашоонун өзүндө баарынан тажап, кайгырган кезде төмөндөгүлөрдү эстеп жүрүңүз. Жөн гана чарчаган учурда окуңуз!

1. Жер бетинде кеминде 2 адам сиз  үчүн өмүрүн кыюуга даяр.

2. Кеминде 13 адам сизди жакшы көрөт.

3. Эгер сизди бирөө жек көрсө, анда ал сизге окшошкусу келгендиктен гана жек көрөт.

4. Сиздин күлкүңүз сизди жактырбагандарды да кайдыгер калтырбайт.

5. Кеч кирген сайын уктаар алдында сизди ойлогон бир адам табылат.

6. Бирөө үчүн сиз бүткүл ааламсыз.

7. Жашооңуздагы эң чоң катачылыкты кетирген кезде да ошол ката менен бир жакшылык ээрчий келет.

8. Жашоо сизден терс айланды дегенде, ага башка кырынан карап көрүңүз.

9. Өмүр дагы бир мүмкүндүк берип жатканда эсиңизде болсун: сиздин колуңуздан баары келет!

10. Өкүнүч менен ойгонууга өмүр өтө кыска.

11. Сизге туура көз караш менен караган адамдарды жакшы көрүңүз, жакшы көрбөгөндүрдү унутуңуз, баарынын өз себеби бар экенин түшүнүңүз.

12. Мүмкүнчүлүк туулса – аны керегиңизге жаратыңыз! Эгер ошол мүмкүнчүлүк жашооңузду баштан аяк өзгөртө турган болсо, өзгөрүүгө даяр болуңуз.

13. Эч ким сизге баары оңой болот деген эмес. Алар сиз жашап жаткан дүйнө сизге ылайык дешет.