Рамзан Кадыров: Кудай бизге 4 аялга чейин алууга уруксат берген

21 июня 2019 Рамзан Кадыров: Кудай бизге 4 аялга чейин алууга уруксат берген

Чеченстандын президенти Рамзан Кадыров ЗАГС кызматы үй-бүлөлөрдү бузарын, ал эми көп аял алууга динде уруксат берилгенин айтты.

Бул тууралуу Рамзан Кадыров “Россия 24” каналына курган маегинде билдирди.

“ЗАГС эмне үчүн керек? Мүлктү бөлүү үчүн. Ажырашканда күйөөсүнүн мүлкүнүн жарымы аялына калат. Аял муну билгендиктен, ажырашып экинчи жолу да турмушка чыга алат. ЗАГС – үй-бүлөлөрдү бузуу үчүн ойлоп табылган”, - дейт Кадыров.

Чеченстандын президенти өлкөдөгү көп аял алуу маселесине токтолду.

“Мен көп аял алууга уруксат берген эмесмин. Мусулмандарга 4 аялга чейин алууга уруксатты кудай берген. Мыйзамдуу бир аялы барбы, болду. Биз 4 аял менен да мыйзамдуу никеге тур деп жаткан жокбуз го. Башкалар үчүн көңүлдөш же сүйүктүү болушу мүмкүн. Бирок, динибиз боюнча баары мыйзамдуу жары болот”, - дейт Рамзан Кадыров.