Калп айтууну кантип калтырууга болот?

21 июня 2019 Калп айтууну кантип калтырууга болот?

Сиз калп айтасызбы? Эгер “ооба” деп мойнуңузга алсаңыз, андан арылууга мүмкүнчүлүгүңүз алда канча чоң. Анткени, эң оор калптар “мен калп айтпайм” дегенден башталат. Жалганды шерик кылуудан чарчасаңыз, төмөндөгү кеңештерди колдонуп көрүңүз.

1. Себебин аныктаңыз: жалган айтууну качан жана эмне эмне себептен баштаганыңызды эстеңиз. Калп – көз карандуулукка алып келе турган оорунун түрү. Эгер өтүшүп кетсе, аны менен күрөшүү кыйындай түшөт. Эгер жалгыз колуңуздан келбесе, досторуңуз менен үй-бүлөңүздүн жардамына таяныңыз.

2. Жалгандын аягы кандай болорун эсиңизден чыгарбаңыз: “Жалгандын куйругу бир эле тутам”. Калп мамилени оңой бузган, ишенимдин дубалына зыян тийгизген пайдасыз сапат. Ар убак калп эмнеге алып келерин эсиңизге салып туруңуз. Эгер өзүңүздөгү уяттын күчү басымдуу болсо, сөзсүз жеңесиз.

3. Калпты мойнуңузга алыңыз: Өзүңүздүн жалган айтып турган учуруңузду сезген кезде, ага себеп издеп, актанууга аракет кылбаңыз. Моюнга алыңыз. Өзүңүзгө болгон адилеттүүлүгүңүз жоюлган сайын, калп ажырагыс досуңузга айланат.

4. Мүмкүн эмес дүнүйөгө убада бербеңиз. Колуңуздан келбесе, чындакты айтыңыз. Бош убада менен үмүттүн отун жагып коёруңузду эстен чыгарбаңыз.  Сиздин жалган сөзүңүз бирөөлөр үчүн маанилүү болушу толук мүмкүн.

5. Өзүңүздүн бааңызды билиңиз. Өзүңүзгө болгон ишенбөөчүлүктүн айынан калп айтууңуз толук мүмкүн. Ошондуктан, өзүңүздүн кандай адам экениңизге изилдөө жүргүзүңүз. Досторуңуз менен туугандарыңыздан өзүңүз тууралуу сураңыз. Жаман сапатыңыз менен күрөшүүнү баштаганыңыз туура болот.