Рак оорусуна алып келген беш суусундук аныкталды

21 июня 2019 Рак оорусуна алып келген беш суусундук аныкталды

Адам организми үчүн эң коркунучтуу беш суусундук аныкталды. Окумуштуулар кола, жасалма шире, шампан, энергетиктер жана газдалган суусундуктардын зыяндуулугун далилдешти.

Бул тууралуу Life.ru кабарлайт.

Гарвард университетинин окумуштуулары акыркы изилдөө ишинде алкоголсуз суусундуктардын залалдуу шишикке алып келиши мүмкүн экендигин далилдешти.

Изилдөөчүлөр адам организмине зыян деп кола, жасалма шире, шампан, энергетиктер менен газдалган суусундуктарды аташты. Ар бир суусунсундук рак клеткаларынын өсүүсүнө алып келет. Бул ичкен суусундуктун түрү менен өлчөмүнө да байланыштуу.

Курамында кантты алмаштырган кошулмасы бар суусундук ичкендер уйку безинин рагына чалдыгуусу мүмкүн. Жумасына ичиле турган мындай эки суусундук рак коркунучун 87 пайызга арттырат.

Эң коркунучтуусу  - энергетиктер менен кола сыяктуу газдалган таттуу суусундуктар. Алардын бир бөтөлкөсүндө 20 кашык кант, фосфат, боёчу зат менен газ болот.