Ашыкча салмак коштурган адаттар

5 ноября 2018

Фаст-фуддан биротоло баш тартасыз, таттууну да жегенди азайтасыз, спорт менен күн сайын машыгасыз, бирок ашыкча салмак менен күрөшүүдөн натыйжа чыкпайт. Эмнеге? Себеби өзүңүз маани бербеген төмөндөгү адаттар ашыкча салмактан арылууга мүмкүндүк бербейт.

Өтө көп уктайсыз

Уйку жетишсиздиги кортизол гормондорун азайткан соң, адам кайра-кайра бир нерсе жегиси келип турат. Ал эми көп уктоо да пайда алып келбейт. Канча жолу диета кармасаңыз да, арыктай албайсыз. 10 сааттан ашкан уйку салмак кошууга себеп болот. Күнүнө 7-8 саат уктоо деген кеңеш да бекеринен айтылбаган.

Караңгыда жыйналасыз

Эртең менен ойгонуп эле пардаларды ачып салуу керек. Күн шооласынын таасиринен түшкөн көгүш түстөр денени ойготуп, зат алмашуу процессин тездетүү менен күрөшөт дешет окумуштуулар. Ал тургай 20-30 минөттүк таңкы шоола метаболизмге оң таасирин тийгизет.

Төшөк жыйнабоо

Муну укканда ишенбешиңиз мүмкүн. Бирок, күндө төшөктү салып, аны ойгонгон кезде дароо жыйнап салуу салмак таштоого жардамдашат. Ары тынч уктоого да өбөлгө түзөт.

Өлчөөнү унутасыз.

Күн сайын салмагыңызды өлчөп туруу арыктоого жакшы жардам берет. Таразага тартылууга эң жакшы убакыт – эртең мененки учур. Ушул учурда чыныгы салмагыңызды биле аласыз жана күндүн башка учуруна караганда организмге эч нерсе түшпөгөндүктөн, аз так салмакты көрсөтөт. Ушул көрсөткүч эсиңизде жүрсө,өзүңүзгө чектөө коюу да оңой болот.

Эртең мененки тамакты туура ичпейсиз

Тель-Авив университетинин окумуштууларынын изилдөөсү боюнча эртең менен өзүңүздү даамдуу тамактар менен эркелетүүгө болот. 600 калорияга тең эртең мененки тамакта акзат (белок), көмүртек болгону туура жана бир аз десерт болсо, күн бою туура тамактанууга түрткү берет.