Окумуштуулар даарат кагазынын зыян экенин айтып, коңгуроо какты

20 июня 2019 Окумуштуулар даарат кагазынын зыян экенин айтып, коңгуроо какты

Батыш өлкөлөрүнүн серепчилери даарат кагазынынын ден соолукка зыян экенин айтышты. Ошон үчүн, анын ордуна балдарга арналган суулуу салфетка же суу менен жууга кеңеш беришет.

Анткени, даарат кагазы тазалабайт, тескерисинче канча түрдүү оору чакырган бактерияларды козгойт.

Башкача айтканда, заара чыгуу жолдоруна инфекция кирип кетишине себеп болот.

Британ окумуштуусу Роуз Джордж өзүнүн “Чоң муктаждык” деген китебинде даарат кагазынан баш тартуу керек экенин жазат.

Джордждун бул позизиясына гатроэнтеролог Парта Нанди да кошулат. Анткени, даарат кагазынын ордуна биде (суу менен жууга мүмкүндүк берген каражат) колдонсо, ал геморрой оорусун болтурбоого себеп болот.

Бирок, биде ар бир үйдө жана коомдук жайларда боло бербейт. Ошол себептен, да дарыгер ар дайым өзүңүз менен кошо суулуу салфетка алып жүрүүнү сунуштайт.