Жигит сүйүктүүсүнө жетүү үчүн жынысын алмаштырды

20 июня 2019 Жигит сүйүктүүсүнө жетүү үчүн жынысын алмаштырды

22 жаштагы Элин Андерсон дүйнөгө эркек бала болуп келген. Бирок, Джаред аттуу жигитке катуу ашык болуп, ага кандай болбосун жетүү максатында жынысын алмаштырат. Бул тууралуу fishki.net кабарлайт.

Жашоого Аарон ысым менен келген жигит кичинекей кезинен баштап өзүн кыз катары сезе баштаган. Ал тургай үч жашында апасынын кийимдерин кийгенди жакшы көрчү.

Ал 18ге толгондо социалдык тармакта Джаред аттуу эркекке ашык болуп, ага өз сезимин билдирет. Бирок, анын сунушун жигит кабыл албай коёт. 18 жаштагы Ааронду бул да токтоткон эмес. Джаредди өзүнө кандай болсо да каратуу үчүн ал жада калса жынысын алмаштырган.

Махабаты үчүн мындай “эрдикке” барган жигит узак убакытка чейин түрдүү терапиялардан өтүп, эмгеги текке кеткен жок. Ал Аарондон бир күндө Эрин Андерсон аттуу кызга айланып чыга келет.

Джаред анын мындай өзгөрүүсүн жогору баалап, өзү кат жаза баштаган. Сүйүшкөндөр чогуу жашап жатканына эки жылдын жүзү болду.

Бирок, Эрин бул өзгөрүүсү менен токтоп калбай турганын айтат. Өзүн толук кандуу аял сезүү үчүн ал али бир катар операцияларды жасатышы керек. Эң маанилүүсү – жыныс мүчөсүнө жасала турган абдан кымбат операция. Каржы жетишсиздиги аны жасоо бир аз убакытка кармап турат.

Джаред болсо өз сүйүктүүсүн эң сымбаттуу аял деп эсептейт. Ал жада калса башка өзгөрүү менен операциялардын зарыл эместигин айтты. Бирок, эми ал Эриндин каалоосун ишке ашыруу үчүн баарын жасайт.

“Эгер бул операциялар сүйүктүүмдү бактылуу кылып, ишеним арттырса, жанымды берүүгө даярмын”, - деп агынан жарылды.

Эрин Джареддин колдоосун жогору баалайт. Себеби, анын трансгендер экенин билип туруп, ал аны эч кимден жаап жашырбайт көрүнөт. Джаредге чейин таанышкан башка эркектер анын жынысын алмаштырганын угар замат качышчу.

“Биз Эрин экөөбүз күндө миңдеген нааразы пикирлерге толгон каттарды алабыз. Бирок, ага да көнүп калдык. Биз бири-бирибизди сүйөбүз. Башкасы маанилүү эмес”, - дейт Джаред.

Сүйүшкөндөр бардык кыйынчылыктарды бирге жеңип, тең арып, тең карыйбыз деген ниетин билдиришти.