Алакан, бут жана колтук тердей берсе...

20 июня 2019 Алакан, бут жана колтук тердей берсе...

Кышы-жайы буту тердеп, тынчсыздангандар бар. Алардын негизги көйгөйү – ушул бир жагымсыз жыттан арылуу. Буттун тердөөсү көзгө көрүнбөгөн микробдордун жашап жатканынан кабар берет. Андан арылуу, албетте, узак убактты талап кылат. Ошондуктан, болушунча чыдамдуу болуп, жагымсыз жыттан арылыңыз.

Буттагы жагымсыз жытты бор кычкылы кетирет

Кадимки бор кычкылы бутуңузду тердөөдөн жана жагымсыз жыттан куткарат. Ар бир дарыканадан табылган бор кычкылын жакшылап майдалаңыз. Күндө эртең менен ушул талканды бутуңуздун манжаларынын арасына жана таманыңызга чачып, таза байпагыңызды кийиңиз. Негизинен бул дарылоону жасап жүргөн кезде байпагыңызды мүмкүн болсо күнүнө 2 жолу алмаштырыңыз. Кечинде үйгө келгенден кийин 40 градустагы жылуу суу менен бутуңуздуу жууңуз.

Дарылоону үзбөй 2 жума жасасаңыз, бул көйгөйдөн түбөлүккө арыласыз.

Алаканыңыз тердесе, нервиңизди дарылаңыз

Эгер алаканыңыз тердей берсе, анда сиз тезинен нерв системаңызды дарылашыңыз керек. Тез арада невролог дарыгерине кайрылыңыз.

Алакандын тердөөсүн элдик дарылоо менен да айыктырууга болот. Ал үчүн 2 литр сууга жарым стакан аш соодасын салыңыз. Күнүнө 2 жолу ошол сууга колуңузду салып туруңуз.

Ошондой эле, глицериндин ½ бөлүгүн, лимондун ¼ бөлүгүн, медициналык спирттин ¼ бөлүгүн аралаштырыңыз. Колуңузду жакшылап жууп туруп, даяр болгон кошулманы алаканыңызга сиңире сүйкөңүз.

Ошондой эле, үй шартында крем жасап алыңыз. Ал үчүн календула, каакым, бака жалбырак жана чагылгандан бирдей көлөмдө алып, жакшылап майдалаңыз. Анда кийин 1 аш кашыгын 1 стакан кайнатылган сууга салып, тундуруп коюңуз. Болжол менен 40 мүнөттөн кийин даяр болгон тундурмадан 2 аш кашык алып, 50 грамм ич май менен аралаштырыңыз. Ага 1 аш кашык бал менен 5 аш кашык кастор майын кошуңуз. Бирдей массага келгенче аралаштырыз да, жатар алдында алаканыңызга жакшылап сүйкөңүз. Бир айга жетпей оң натыйжасын байкайсыз.

Жаңгак дарагынын тундурмасы колтуктун тердөөсүнөн арылтат

Бүгүнкү күндө ар бир экинчи кишинин колтугу тердейт. Аны кетирүү үчүн кымбат порошоктор менен сүйкөөчү кремдерди, түрдүү антиперспиранттарды колдонуп жатышат. Бирок, анын жардамы убактылуу гана. Колтуктун тердөөсүнөн түбөлүк арылуу үчүн элдик медицинага кайрылган туура болот.

Ромашка тундурмасы

Ал үчүн 6 аш кашык кургатылган ромашка гүлүн алып майдалаңыз. Аны чоңурак идишке салып, үстүнө 2 литр бөлмө температурасындагы кайнатылган жылуу сууну куясыз. Капкагын жаап, 1 сааттай тундурасыз. Андан соң 2 аш кашык аш соодасын салып, жакшылап аралаштырыңыз. Даяр болгон тундурмага пахтаны же дакини малып алып, колтугуңузга сүртөсүз.

Кырк муун тундурмасы

1 аш кашык талкаланган кырк муунду 10 аш кашык аракка салып, бетин жаап коюңуз. 10 күндөй күндүн нуру тийбеген, кургак, ары жылуу жерде туруш керек. Белгиленген убакыттан кийин пахтаны малып колтугуңузга сүртөсүз.

Грек жаңгагынын дарагы

Грек жаңгагынын дарагы да терчилдикке даба болот. Даракты жакшылап майдалап, спиртке саласыз. Кургак, күн тийбеген жерге коюп, 1 жумадай тундурасыз. Ошентип, даяр болгон тундурма менен колтугуңузду сүртүңүз.

Колтуктун тердөөсүнө жеген азыктардын да таасири бар. Курамында С витамини бар азыктарды көбүрөөк жеңиз. Лимон, кара карагат, анар менен кызыл жемиштерди дасторконуңуздан үзбөңүз.