Ал төшөктө от сыяктуу: 19 жаштагы жигит 72 жаштагы аялы менен жашап жатат

20 июня 2019 Ал төшөктө от сыяктуу: 19 жаштагы жигит 72 жаштагы аялы менен жашап жатат

19 жаштагы Гери менен 72 жаштагы Альмена эки жылдан бери никеде.

Гери Хардвик менен Альмеда Эррелли сөөктү коюу каадасында таанышышкан. Альмеда Эррелинин уулу каза болот. Эки күн өткөндөн кийин келини пиццерияга чакырганда Альмеда менен Гарра ошол жерде бирин-бири жактырып калат.

Эки жумадан кийин жигит өзүнөн бир топ жаш улуу аялга аны жактырарын айтат. Дагы 6 күн өткөн соң экөө үйлөнөт. Алардын тоюна болгону 194 доллар жумшалган.

“Ортодо сүйүү болсо, ага эч нерсе тоскоол боло албайт. Мен анын көзүнө эле дароо ашык болуп калдым. Аны менен жашоомду өткөргүм келет”, - дейт Альмеда.

“Эң биринчи анын көзү жакты. Мүнөзү да жайдары. Дайыма мээримдүү. Мен өзүмдү дайыма өз жашымдагылардан кыйла улуу сезер элем. Теңтуштарым өзү теңдүү кыздарга көз салса, мен улуу аялдарда карап жүрчүмүн”, - дейт жигит.

“Нике түнүнбүздү өткөрдүк. Ал жашы келип калганына карабай сонун көңүлдөш”, – дейт күйөөсү.

Бирок, экөөсүнүн мамилесинен кийин Альмеда жакындары менен катышпай калган. Уулу энеси менен сүйлөшүүсүн токтоткон. Неберелери да аларды кабыл ала алышкан эмес.

“Бир жолу мастык менен аны ата деп атадым. Бирок, ал мага ата эмес, досум сыяктуу. Бирок, чоң энебиз аны менен бактылуу”, - дейт небереси Аарон Гери жөнүндө.

“Азыр ХХІ кылым. Башында кызыктай көрүндү. Бул жашоодо баары болот”, - дейт небереси.

Жубайлар YouTube тармагынан канал ачып, өз жашоолору тууралуу баяндап беришет. Аларга 50миңге жакын адам жазылган.

“Биздин сүйүктүү ишибиз – видеоролик алып баруу. Биз жаш айырмачылыгы эң чоң түгөйлөрдөнбүз. Ошондуктан, видеороликтерди, пранктарды тартабыз”, - дейт жигит.