Айымдар үчүн бала көтөрүүгө эң ылайыктуу жаш аныкталды

20 июня 2019 Айымдар үчүн бала көтөрүүгө эң ылайыктуу жаш аныкталды

Назик аялзаты үчүн акылдуу бала көтөрүүгө эң ыңгайлуу жаш аныкталды. Бул тууралуу clutcаh.ua сайты кабарлайт.

Изилдөөчүлөрдүн сөзүнө ишенсек, 30-39 жаш аралыгындагы аялдардын бала көтөрүүгө жөндөмдүүлүгү жогорулайт. Ушул жаш аралыгында боюнда барлардын балдары дүйнөгө акылдуу болуп келет.

Изилдөөгө 20 миң бала ат салышып, натыйжада 30-39 жашта төрөгөн аялдардын балдары өзгөчө акылдуу болору аныкталган.

Бирок, гинекологдор 30 дан ашкан аялдардын боюнда бар кезинде кыйынчылыктарга туш болушу мүмкүн экенин айтышат.