Мырзалар тууралуу кызыктуу маалыматтар

5 ноября 2018

Мырзалардын айымдарга караганда логикалык ойлоо деңгээли жогору экени белгилүү. Алар табиятынан токтоо, сабырдуу келишет. Ал эми, аялзатынын коому көп учурда эмоцияга алдырып, белгилүү бир кыйынчылыкты чыр-чатак, ызы-чуу менен чечүүгө жакын. Эмоцияга алдырбаган, анча-мынча нерселерге маани бербеген мырзадар тууралуу маалыматты сунуштайбыз.

•   Сол колу менен иштеп көнүп калган эркектер дал ошондой сологой аялдардан 3 эсе көп;

•  Адамдын ички жан дүйнөсүнө үңүлүп, бейтааныш адамдын сыртына карап кандай пенде экенин табуу тапшырмасын ишке ашырууда начар болушат. Мындай сыноолордо аялзаты эркектерди чаңында калтырат;

 •  Эркек кишилердин тамырындагы кан аялдардын денесиндеги кандан 15 пайызга коюу;

 •   Эркектин мээси аялдыкынан чоң. Андай болгону менен, аялдын иммунитети эркектикинен мыкты;

•   Эркектер аялдар сыяктуу чыдамкай эмес. “Кыздын кырк жаны бар” деген сөз буга далил;

•   Эркектер өз жашоосунда аялдарга караганда көп жабыр тартышат;

•   Алар өздөрүнүн ар бир чечимине ишенимдүү, эч кандай күмөнү жок кабыл алышат;

•   Эркектер аялдар сыяктуу кийимге, модага маани беришпейт. Конокко бара жатып, аялдар сыяктуу башка бир эркек дал меникиндей кийим кийип келет деп кабатыр болбойт.

•   Алар дүкөндөрдү кыдырып, кийимди атайын барып сатып алганды жактырышпайт. Булар эркектеги биз күндөлүк турмушта маани бере бербеген иштер менен адаттар. Эркектен дагы кандай сапаттарды байкайсыз?