Атасы үчүн 10 жыл бою эркек бала болуп жүргөн ооган кызы

19 июня 2019 Атасы үчүн 10 жыл бою эркек бала болуп жүргөн ооган кызы

Ооганстандагы Нангархар провинциясынын жашоочусу Ситара Вафадар ата-энесинин каалоосу боюнча он жыл эркек кейпинде жүрүп, өзүнүн жынысын жашырууга мажбур болгон деп lenta.ru кабарлайт.

18 жаштагы кыздын беш сиңдиси бар. Үй-бүлөсүндө жалаң кыздар болгондуктан, Ситаранын атасы аны “бача-пошко” айландырууну чечишкен.

Ооган өлкөсүндө бул ат менен уул бала сыяктуу кийинип, эркектин ишин жасаган кыздарды айтышат.

Кыз үй жыйнап, тамак даярдоо менен таптакыр алектенген эмес. Ал сегиз жашынан баштап атасы менен кирпич заводундагы абдан оор иштерди жасаган. Кыз эркектердин деңгээлинде жумасына алты күн эмгектенип, атасынын жетекчиси алдындагы карызын төлөө үчүн жанын үрөп иштеген.

“Мен өзүмдү эч качан кызмын деп эсептебейм. Заводдогу кесиптештеримдин баары мени эркек деп ойлошот. Мени уурдап кетпеши үчүн мен өз жынысымды жашырууга мажбурмун”, - деп айтты кыз.

Улуттук салттарга байланыштуу кыздар нике жашына толгондон кийин “бача-пош” кызматынан баш тартууга укуктуу. Бирок, Ситара өзүнүн 13 жашар сиңдиси өзү тарткан түйшүктү тартпашы үчүн ушул абалда кала берет.

“Бача-пош” салты Ооганстан менен Пакистанда кеңири таралган. Бул салт өлкөдөгү уулу баласы жок үй-бүлөдө коомдук кысымды жоготуу үчүн олуттуу жардам берет.