Таттуу жашоо: окумуштуулар ден соолукка пайдалуу шоколад түрлөрүн аташты

19 июня 2019 Таттуу жашоо: окумуштуулар ден соолукка пайдалуу шоколад түрлөрүн аташты

Лома Линда университетинин америкалык адистери курамында какао өлчөмү жогору кара шоколаддын таасиринен адамдын иммунитети жакшырып, мээнин иштеши активдүү болорун аныкташты. Бул тууралуу life.ru кабарлайт.

Изилдөөнүн жүрүшүндө окумуштуулар какаонун адамдын организмине кандай таасир этерине көңүл бурушкан.

Тажрыйба учурунда 70 пайызын какао түзгөн шоколаддын иммундук системага оң таасирин этери, клеткалык сигнал жолдорун жакшыртары белгилүү болду.

Ошондой эле, изилдөөчүлөр 48 грамм шоколаддын ар кандай маалыматты жакшы кабыл алууга жана эсте сактоого жардам берерин аныктай алышты. Буга кошо электроэнцефалограмма гамма аймагындагы мээнин активдүүлүгүнүн көбөйүүсүн (жыштыгы 25ден 100 герц) аныктады.