Ата-эне социалдык тармакта кандай катачылыктарды кетирет?

19 июня 2019 Ата-эне социалдык тармакта кандай катачылыктарды кетирет?

Социалдык тармакта чектөө жок. Жашы кичинекей баладан тарта улгайгандарга чейин соцтармакты пайдалана алышат. Учурда социалдык тармак бардык муун арасында кеңири белгилүү. Ошентсе да, жаш өспүрүмдөр ата-энеси менен соцтармакта дос болууну колдой беришпейт. Анткени, балдардын ою боюнча ата-энелер байкабай  соцтармакта ката кетирет.

«Three» британ компаниясы социалдык тармактагы ата-эне менен баланын мамилесине изилдөө жүргүзөт. Алардын ичинде 70% өспүрүм эч качан ата-энем менен социалдык тармакта достошпойт элем деген пикирин билдирсе, 30 пайызы ата-энесин досторунун катарынан өчүрүп салган.

Эмнеге?

Биринчиден, бул балага ата-эне аны өз көзөмөлүнө алып жатат деген ой калыптандырат. Алар өздөрүн жасалма алып жүрө башташат.

Экинчиден, ата-эненин соцтармактагы активдүүлүгү балага ыңгайсыздык жаратат. Анткени, ата-эненин баары жаштар маданиятын түшүнө беришпейт, алардын сүйлөшүү стили, аз ара түшүнгөн тамашалары чоңдор үчүн табышмак.

Социалдык тармакта ата-энелер кетирген каталардын рейтинги:

1. Балдардын 24%ы ата-энесинин үй-бүлөлүк сүрөттөрдү салганын жактырышпайт.

2. 21%ы ата-энесинин “кызыктай” сүрөттөрдү салганын жек көрүшөт.

3. Өспүрүмдөрдүн 10%ы үчүн төмөндөгү учурдар ыңгайсыздык жаратат: Жаштардын сленгин ата-эне орунсуз колдонот; алардын баракчасында ата-энеси калтырган түшүнүксүз пикирлер көп болот.

4. 9%ын энеси же атасы жазган пикирлер уялтат.

5. 4% өспүрүмдөр үчүн төмөнкү учурлар эң жагымсыз: алардын сүрөттөрүнө жазылган пикирлер; алардын досторунун сүрөттөрүнө пикир калтыруу; алардын достору менен кат алмашуу. Эгер социалдык тармакка катталып, балаңыздын баракчасына көзүңүз чалып калса, анын интернет мейкиндигинде өзүнүн жеке жашоосу бар экенин эстен чыгарбаңыз.