Непалда этек кири келип, үйдөн куулган дагы бир кыз көз жумду

5 ноября 2018

Непалда салтка ылайык, этек кири келген кызды үйдөн кууп чыгышат. Кепеге барып олтурган кыз жылынуу үчүн от жагып, көп узабай көз жумган. Бул тууралуу South China Morning Post басылмасы кабарлайт.

“Жылынуу үчүн от жаккан, ал болжол боюнча оттун түтүнүнө тумчугуп каза болгон”, - деп билдирген жергиликтүү полиция. Өлүмдүн себебин тактоо үчүн полиция экспертиза жыйынтыгын күтүп жатат.

Белгилей кетсек, индуизм динине ылайык, этек кири келген аялды үйдөн кууп чыгышат.

Аталган салттын кесепетинен бир далай кыз көз жумса да, Непалдын эле андан баш тартпай келет. Ишеним боюнча, андай аял кир болуп эсептелет. Бир нече күн бою аял ашканага жолобойт, эркек кишиге жакындабайт жана эч кандай диний ырым-жырымдарга катыша албайт.