Аял үй жумушу менен алектенгени үчүн күйөөсүнөн 12 млн 526 миң 894 сом компенсация өндүрүп алды

18 июня 2019 Аял үй жумушу менен алектенгени үчүн күйөөсүнөн 12 млн 526 миң 894 сом компенсация өндүрүп алды

Аргентинада 70 жаштагы кемпир сотко кайрылып, күйөөсүнөн 30 жыл бирге жашап, үй жумуштары жана балдардын тарбиясы менен алектенгени үчүн компенсация талап кылган. Жыйынтыгында ал 8 млн песо (12 млн 526 миң 894 сом) көлөмүндөгү компенсация өндүрүп алды.

Бул тууралуу Newsweek басылмасы кабарлайт.

Басылманын маалыматында, жубайлар 2009-жылдан тартып бөлөк турууну чечишип, 2011-жылы ажырашышкан. Аял ажырашкандан кийин каржылык кыйынчылыктарды башынан өткөргөн. Ал эми ошол учурда күйөөсү "жыргап-куунап жашап" жүргөн.

Аял турмушка чыга электе жогорку окуу жайдын экономикалык факультетин бүтүрүп, дипломго ээ болгон. Бирок, ал үй-бүлөсү үчүн кызматтан баш тарткан. Мындан тышкары, ал ажырашкан кезде 60 жаштан ашып калган эле. Мындай жашта аны эч жерге жумушка албасы анык. Сот Виктория Фама ушул жагдайларды эске алып, эркек кишини мурунку аялына 8 млн песо өлчөмүндөгү компенсацияны төлөөгө милдеттендирген.