АКШнын Вирджиния штатында сурдопедагог 15 жаштагы өспүрүм менен жыныстык катнашка барганы үчүн 90 жылга камакка алынды, деп Fox 5 телеканалы кабарлайт.
Аманда Нассер өзү иштеген мектеп окуучусу менен жыныстык катнашка барды деп айыпталат. Ошондой эле, ал өспүрүмгө өзүнүн уятсыз сүрөттөрүн жиберип, аны менен кездешип туруу үчүн, энеси менен достошуп алган. Алар мугалимдин унаасында жолугуп турушкан.
Башында мыйзам бузуучуга 18-берене боюнча күнөө коюлуп, 230 жылга чейин жоопко тартуу дайындалмак болгон. Бирок, соттун акыркы чечими боюнча ал 90 жылга камакка алынып, 7 жылга эркинен ажыратылды.
Нассер 2016-жылдын сентябрь айында кармалган. Ага мугалимдин окуучусуна жиберген уятсыз билдирүүлөрү себеп болгон. Башында ал өз күнөөсүн мойнуна албай жаткан, кийин окуучуга сексуалдк билдирүүлөрдү жибергенин мойнуна алды.