Жыныстык катнаштагы айымдардын кетирген каталары

17 июня 2019 Жыныстык катнаштагы айымдардын кетирген каталары

Аялдардын көзү менен мырзалардын төшөктөгү кетирген каталары абдан көп.  “Өтө катуу”,  “өтө жумшак”, “тез баштады”, “төшөктө тамеки чегет”, “уктап калат” деген сөздөрдү көп угабыз. Ал эми айымдар өз каталарын байкабайт же жашырып келишет. Буга байланыштуу мырзалардын нааразычылыгын, жыныстык катнаштагы айымдардын кетирген каталары тууралуу айтабыз.

1. Уялчаактык

Көп аялдар төшөк катнашында уялчаак келишет. Алар өздөрүндөгү кемчиликтерди жашырып, ыңгайсыздык жаратары чындык. Аялдар “эркек көзү менен жакшы көрөт” деген түшүнүктү эстен чыгарбоосу керек. Ал үчүн сиздин төшөктө бирге болгонуңуздун өзү – бакыт. Сүйүктүүңүз сиздин ашыкча майыңыз менен кичинекей эмчегиңизге карабайт. Ошондуктан, эч уялуунун кажети жок.

2. Сексуалдык пассивдүүлүк

Аялдардын психологиясы боюнча жыныстык катнашка барган кезде “эркек активдүүлүк” көрсөтүшү деген түшүнүк калыптанган. Буга байланыштуу аялдар активдүүлүк көрсөтпөгөндүктөн, эркектер каалоо жок экенин билдирип, аларды туура түшүнбөй келишет. Башкача айтканда, жыныстык катнаш төмөн деңгээлде өтөт. Кийин бул үй-бүлөдөгү мамиленин бузулуусуна алып келет. Ошондуктан, мындай учурда эки жак тең активдүү кыймыл-аракетте болушу керек.

3. Унчукпай калбаңыз!

Жыныстык катнаш учурунда жылуу жылмайып гана койбостон, жылуу сөздөрүңүз менен сүйүктүүңүздүн ичин жылытыңыз. Анын ошол убакта сизге кандай жагарын, кандай маанайда болгонуңузду айтуудан коркпоңуз. Эркекке бул жагары чындык. Жыныстык катнаштагы фантазияңыз да маанилүү. Анткени, бул процесске активдүү катышканыңыз үчүн шеригиңиздин каалоосу артат. Ал эми сиз тараптан айтылган сөздөр ага күч-кубат тартуулайт.

Жакшы эне, тыкан келин, акылдуу аял болуп жүрүп, жыныстык катнашта “жапайы жолборс” кейпине кириңиз. Төшөктө үйдөгү кейпиңизди унутуп, уялчаактык менен уяңдыкты артта калтырыңыз. Ошондуктан, күйөөңүз жаныңыздан чыкпай, сизди дайыма каалап турсун десеңиз, жеңишке жетүү өз колуңузда.